Байсалов: Президент эми гана толук иштеп баштады, биринчи жылы конституциялык реформага кетти

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Садыр Жапаров президент катары 2021-жылдын январында шайланганы менен өз милдетин толук кандуу аткарууга эми гана киришкенин айтты. Чиновник мындай билдирүүсүн 13-декабрдагы мамлекетти өнүктүрүү боюнча улуттук программанын планын талкулоо учурунда сөз сүйлөп жатып билдирди.

«Президент чындыгында өз милдетине эми ​​гана толук киришүүдө. Биринчи жылы конституциялык реформаны ишке ашырууга жумшалды. Президент апрелдеги референдумда элдин колдоосуна ээ болду. Эл бийликтин эффективдүүлүгүн жогорулатуу багытын колдоду. Башка көптөгөн нерселерге себеп болгон парламенттик демократиянын жасалма фасадын куруу эксперименти кулап калды», —деди Байсалов.

Минкабдын төрагасынын орун басарынын айтымында, буга чейин өлкөдө парламентаризм болгон эмес, ондогон жылдар бою баарын президенттер өзү чечип келген. 2021-жылдын майынан тартып ири мыйзам чыгаруу иши жүрүп, минкабдын жаңы курамы түзүлгөнүн белгиледи.

«Эгерде буга чейин өкмөт, портфелди пирожкидей бөлүштүрүп партия лидерлеринине таратса, азыр аткаруу бийлигинин курамын өзү түзөт жана анын башында президент турат. Бирок парламенттин жаңы дайындалган курамы демократияда маанилүү ролду ойнойт», — деп билдирди Байсалов.

Ошондой эле ал мамлекет өз бийлигин күчтөндүрүп жатканын авторитаризм менен адаштырып албоого чакырып, президенттин ар бир жарандын жашоосун жакшыртуу үчүн так милдеттери бар экенин билдирди.

Байсалов мурдагы минкабдын курамынын ишин да сынга алды. Ал учурдагы минкабдын курамы мурдагысынын бардык каталарын түзөп жатканын билдирди. Анын айтымында, мурдагы минкабдын күз-кыш мезгилине жана коронавирустун жайылуусуна каршы даярдык иштери начар болгон.

Парламент жана президенттин саясаты

Байсалов минкабга 2021-жылдын октябрында келген. Минкабдын төрагасынын орун басарлык кызматына дайындалганга чейин Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчилигинде иштеп жүргөн, ал жакка Байсалов 2019-жылы дайындалган. 2012-жылы Байсалов Кыргызстандын социалдык өнүктүрүү министринин орун басары болуп иштеген.

Учурда Байсалов парламенттин жаңы курамы демократияда маанилүү ролду ойнойт деп жатат. Бирок мурдараак, Байсалов минкабдын башчысынын орун басары болуп жаңы дайындалып келгенде парламент шайлангандан кийин министрлер кабинети туруктуу «президенттин саясатын колдогондор» менен гана иштей турганын айткан.

«Бизге азыр 90 депутаттын оюу маанилүү эмес. Биз ар бир депутаттын артынан чуркабайбыз, 45 же 50 депутат менен иштешебиз. Алар биздин мыйзамдарды кабыл алышат. Калгандары [депутаттар], каршы чыгып, буттары менен жер тепкилесе дагы, биздин [минкаб] кылыбыз кыйшайбайт. Силер бизди алаксыта албайсыңар. Биз силерге жалдырабайбыз. Биз өнүгүү жолуна түшөбүз», — деген Байсалов.

Анда Байсаловду саясатчылар сынга алган. «Улуттур Биримдиги» партиясынын лидери Мелис Мырзакматов муну менен «учурдагы бийлик өзүнүн пландарын ачыкка чыгарды» деп билдирген. Ал Байсаловду «Кыргыз Республикасынын эли эгемендиктин ээси жана мамлекеттик бийликтин жападан жалгыз булагы болуп саналат» деп жазылган Конституциянын эрежелерин сактоого чакырган.

Кийинчерээк президент Садыр Жапаров маалымат жыйында Эдил Байсалов минкабдын парламент менен иши тууралуу оюн туура эмес билдирип алганын айткан. Жапаровдун оюнча, Байсалов өкмөт эми депутаттар үчүн эмес, эл үчүн иштейт деп айткысы келген.

Конситуциялык реформа

Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум 2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгынан кийин орун алган саясий кризистин кесепети. 5-октябрда жарандар борбордук «Ала-Тоо» аянтына митингге чыгып, нааразылыгын билдирип, жыйынтыгында Ак үй басылып алынган. Ошол кезде, башаламандыктардын шартында тарапташтары тарабынан абактан бошотулган Садыр Жапаров бийликке келген.

Конституция. Сүрөт: Клооп

Ал Кыргызстанда Конституцияны алмаштырып, президенттик башкаруу формасын алып келүү керек деген билдирүү жасаган. Тарапташтарынын жардамы менен Жапаров кыска убакытта премьер-министр жана президенттин м.а. болгон. Бул кызматтарды аркалап, Жапаров парламенттин депутаттарын кайрадан шайлоону белгисиз мөөнөткө жылдырылышын жана конституциялык реформаны демилгелеген.

Баш мыйзамдын биринчи версиясы 2020-жылдын 17-ноябрында жарыяланган. Бирок президенттин колунда эбегейсиз бийлик топтолгону үчүн кескин сындалып, «Ханституция» аталган.

Андан кийин ошол убактагы президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов Конституциялык кеңешме түзүп, курамына жүздөн ашуун адам кирген. Алардын көпчүлүгү Садыр Жапаровдун идеялаш жана тикелей тарапташтары, юристтер, Конституциянын жаңы версиясынын автору деп фамилиялары көрсөтүлгөн депутаттар, Манас таануу, кыргыздардын руханий дүйнөсү жана салттуу билим боюнча адистер, коомдук ишмерлер. Бир катар юристтер кеңешменин легитимдүүлүгүнөн күмөн санашкан, бирок алар иштөөсүн улантып, Конституциянын жаңы долбоорун иштеп чыгышкан.

Конституциялык кеңешменин иши менен бир маалда президенттик шайлоо жана конституциялык реформа боюнча референдум да өткөрүлгөн. 2021-жылдын 10-январында өткөн президенттик шайлоодо Садыр Жапаров шайлоого келген шайлоочулардын добуштарынын көбүн алган. Ошондой эле, референдумга катышкандардын көбү Жапаров сунуштаган башкаруунун президенттик формасы үчүн добуштарын берген.

Конституциянын жаңы долбоору да өзүндө бир катар так эместиктерди, укуктук коллизияларды жана адам укуктарын бузууларды камтыйт. «Адилет» укуктук клиникасынын юристтери долбоорду талдап, аны парламентте кароо үчүн өтө чийки жана аягына чейин иштелип чыккан эмес деп табышкан.

Аны менен катар 2-мартта Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзам боюнча комитети баш мыйзамдын жаңы долбоорун жактырган. Анткен менен күн тартибине бул маселе кирген эмес болчу.

Юристтер менен эксперттер Конституциянын жаңы долбоорун кабыл алууда депутаттар тарабынан мыйзамдардын сакталбай жатышы келечекте «маморгандардын ишинин мыйзамдуулугунан» күмөн санатып, «чыр-чатактардын кайталанышына» алып келиши мүмкүн экенин эскертишкен. 3-мартта депутаттар биринчи окууда эле референдумду дайындоо тууралуу мыйзам долбоорун кабыл алышкан.

Булардын аралыгында, Европа Кеңешинин Венеция комиссиясы жана ЕККУга караштуу Адам укуктары жана демократиялык институттар бюросу Кыргызстандын Конституциясынын жаңы долбоору боюнча сынга алган. Алардын президенттин бийликтин аткаруу жана башка бутактарынын үстүнөн чектен тыш үстөмдүгү, парламенттин ролунун солгундашы, бийликти бөлүштүрүү жана мамлекеттик бийлик бутактарынын арасындагы ооздуктоо жана тең салмактуулук тутумунун негиздерине зыян келтирүү тобокелдигин жаратат деген корутунду чыгарышкан.

«Президенттин, парламенттин жана сот системасынын ыйгарым укуктары, ошондой эле адам укуктары менен эркиндиктерине байланышкан айрым жоболор эл аралык стандарттарга жана ЕККУнун алдындагы милдеттерге туура келбейт», — деп билдиришти комиссиядан.

Мындан тышкары, Венеция комиссиясы Кыргызстанда өткөн конституциялык реформаны ишке ашыруу процесси баштан-аяк орчундуу мүчүлүштүктөр менен коштолгонун билдирген. Анын ичине деталдуу жана көп кырдуу консультациялардын өткөрүлбөгөнү кирген.

Документте Конституциялык кеңешме колдонуудагы баш мыйзамда орган катары каралбаганынан улам анын легитимдүүлүгү күмөндүү экени айтылган. Ошондой эле, мөөнөтү бүткөн учурда Жогорку Кеңеш айрым катардагы функцияларын гана аткара алат, бирок конституциялык реформа сыяктуу өзгөчө чараларды кабыл алууга укугу жок.

«Пландалган референдум бул кемчиликтерди оңдой албайт, анткени анда “ооба” же “жок” деген гана жооптор камтылган. Андыктан жалпы институционалдык түзүмүн жана Конституциянын долбоорунун тиешелүү жоболорун кайра карап чыгуу сунушталат», — деп айтылат корутундуда.

Натыйжада жаңы Конституция Садыр Жапаров тарабынан 5-майда кабыл алынып, кол коюлган. Анын өзгөртүү боюнча референдум жергиликтүү бийликтин депутаттарын шайлоо менен бирге 11-апрелде өткөн. Жаңы Конституция кабыл алынгандан кийин бардык бийлик президенттин колуна топтолгон.