Каракол: Бешинчи кабаттан боюн таштаган 16 жашар кыз реанимацияда

Иллюстративдик сүрөт.

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы Каракол шаарында 16 жаштагы кыз бешинчи кабаттан боюн таштаганы тууралуу маалыматты тастыктады. Учурда кыз реанимацияда.

13-декабрдан 14-декабрга караган түнү бешинчи кабаттан секирген кыз жандандыруу бөлүмүнө түшкөнү тууралуу облустук милицияга ооруканын кызматкерлери кабарлаган. Учурда окуянын чоо-жайы териштирилип жатат.

Облустук оорукананын дарыгерлери «Азаттык» үналгысына кыздын абалы жакшы экенин, оор жараат албаганын белгилешкен.

Үстүбүздөгү жылдын 16-сентябрында 12 жашар кыз Жалал-Абад шаарында беш кабаттуу үйдүн чатырынан «секирип» каза тапкан. ОИИБдин басма сөз кыматынан кыздын ата-энеси «эч кимге арыз-дообуз жок деп айтканын» билдиришкен.

Ал эми 27-октябрында 22 жаштагы бала Бишкектеги Байтик-Баатыр жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде курулуп жаткан имараттын сегизинчи кабатынан секирип каза болгон. Милиция менен ӨКМдин кызматкерлери жаш жигит менен бир нече саат бою сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Бирок бул эч кандай жыйынтык берген эмес.

2020-жылдагы маалыматка карганда, Кыргызстанда 44 өспүрүмдүн өлүмү суицид катары катталган. Ал эми Кыргызстан суицид боюнча Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичнен экинчи орунда. Ал эми биринчи орунда Казакстан болсо, үчүнчү орунда Өзбекстан, андан соң Түркмөнстан жана Тажикстан турат.

Тема боюнча дагы окуңуз:

Жалал-Абад: Чатырдан «секирип» каза тапкан 12 жашар кыздын өлүмү иликтенүүдө

Сегизинчи кабаттан секирген баланын өлүмүнө байланыштуу ӨКМ ички иликтөө баштады