Жалал-Абад: Чатырдан «секирип» каза тапкан 12 жашар кыздын өлүмү иликтенүүдө

Иллюстративдик сүрөт

Жалал-Абад шаарында беш кабаттуу үйдүн чатырынан «секирип» каза тапкан 12 жашар кыздын өлүмү боюнча иликтөө иштери башталды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

16-сентябрь күнү саат 11:00 чамасында шаардык ооруканага өспүрүмдүн сөөгү алып келингени тууралуу милицияга маалымат түшкөн.

Баштапкы териштирүүдө кыз өзү жашаган үйдүн чатырынан секирип жибергендиги аныкталган. ОИИБдин басма сөз катчысы Нурдин Жээнтаев «Клоопко» билдиргендей, кыз үйүнө «мен өлгүм келип жатат» деп кат таштап кеткени боюнча маалыматтар бар.

Ошондой эле Жээнтаев кыздын ата-энеси «эч кимге арыз-дообуз жок деп айтканын» билдирди.

Учурда аталган факт «Табылган өлүк» беренеси менен катталып, териштирүү башталды. Кыз өз өмүрүнө кол салганбы же кокустук болгонбу иликтенет.

2020-жылы Кыргызстанда 44 өспүрүм суицидге барган деп катталган. Балдардын депрессияга кабылуусуна пандемиянын таасири да болушу мүмкүн деп айтылган — анткени мектептер жабылып, окуу онлайнга өтүп, карантиндик чектөөлөр кирген. ИИМ депрессияны алдын алууда ата-энелер маанилүү роль ойношун эскерткен.

Баланы окутууга жөндөмсүз ата-энелер, стресске түшкөн окуучулар. Карантиндеги билим берүү кандай жыйынтыкталды?