Сокулукта аялды өлгүчө сабады деген шек менен күйөөсү кармалды

Иллюстративдик сүрөт.

Чүй ОИББдин басма сөз кызматы Сокулук районунда 41 жаштагы аялдын өлүмүнө шектелип күйөөсү кармалганын билдирди.

Маалыматта 13-декабрь күнү райондук милицияга денесинде түрдүү жаракаты бар аял аймактык ооруканга жеткирилип, ал эсине келбей каза болгону тууралуу маалымат келип түшкөнү айтылат.

Ооруканага барган укук коргоо органынын кызматкерлери жабырлануучу 41 жаштагы К.Э. атту аял экенин аныкташкан. Окуя КЖБРге «Саламаттыкка оор зыян келтирүү» беренеси менен катталган.

Милиция кызматкерлеринин ыкчам кармоо иштеринин натыйжасында каза болгон аялдын өлүмүнө шектелип К.Э аттуу күйөөсү кармалды. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Алдын ала маалыматтар боюнча, мас абалында уруша кетип, жыйынтыгында жубайы алган жарааттарынан улам каза болгон.

Облустук милиция тергөө кызматы зарыл болгон экспертизаларды дайындаганын, сотко чейинки өндүрүш уланып жатканын кошумчалады.

Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук

Иллюстративдик сүрөт: Алина Печенкина

Кыргызстанда ар бир төртүнчү аял үй-бүлөлүк зомбулукка кабылат. Буга чейин Сузакта аялынын колун байлап, мойнуна дөңгөлөк асып сабаган окуя катталган. Ал эми Ысык-Көлдө аялына атайлап бензин чачып өрттөсө, Кочкордо аялын атка сүйрөп өлтүргөн учурлар катталган.

Ошол эле учурда жубайына, түгөйүнө зомбулук көрсөткөндөр административдик гана жазага тартылып, аларга айып пул, эскертүү берилип же коомдук иштерге тартылат.

Үй-бүлөдөгү зомбулук маселеси 2020-жылдын башында коомдо кызуу талкуу жараткан. Бул маселе парламентте да көтөрүлгөн. Ошондо өкмөт аялдар менен балдардын кызыкчылыктарын жана укуктарын коргоо боюнча ишти күчөтөөрүн билдирген.

Кыргызстанда ар бир төртүнчү аял үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркайт. Өлкөдөгү аялдардын көпчүлүгү — 83 пайызы — бир жолу болсо да үй-бүлөдө психологиялык, физикалык жана сексуалдык зомбулукка кабылган. Бул жөнүндө Кризистик борборлор ассоциациясынын изилдөөсүндө айтылат.

ИИМдин статистикасына караганда, 2020-жылы 9025 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталып, анын ичинен 947 учур гана сотко жеткен.

Кылмыш иштери орточо эсеп менен катталган учурлардын алты пайызына гана козголот.

Тема боюнча:

«Аны баары бир өлтүрмөкмүн». Кыргызстандагы фемицид тууралуу «Клооптун» изилдөөсү

«Башкы максат — аман калуу». Агрессор менен жалгыз калганда эмне кылыш керек?

«Чыда». Үй-бүлөдөгү зомбулук балдардын үмүтүн өчүрүп, тагдырын талкалайт