Вакцина алгандардан Кыргызстанга кирүү үчүн ПЧР-тест талап кылынабы? Жооп беребиз

Коронавирус пандемиясы уланып жатат — жакында эле окумуштуулар COVID-19’дун omicron деген жаңы штаммын аныкташты. Алар анын мутациясы көп болгондуктан колдонуудагы вакциналарга туруктуу болушу мүмкүн деп эсептешет.

Кыргызстандын бийлиги да omicron штаммынын жайылышы боюнча маалыматка реакция кылды. 29-ноябрда минкабдын расмий сайтында Кыргызстанга келген чет өлкөлүктөр жана кыргызстандыктар милдеттүү түрдө ПЧР-тест тапшырышы керектиги айтылган пресс-релиз чыккан.

Релизде omicron’дун очогу тутанган өлкөлөрдүн жарандарына Кыргызстанга кирүүгө тыюу салынганы да айтылган.

Министрлер кабинетинин сайтынан скриншот

Министрликтер эмне дешти?

Бирок 6-декабрда Маданият министрлигинин алдындагы Туризм департаменти башка маалымат берген.

Департаменттин маалыматында, COVID-19’га каршы 2021-жылдын июнь айында кабыл алынган алгоритим дагы деле иштеп жатат. Анда эгер жарандар COVID-19’га каршы эмделген болсо, анда эмделгендиги тууралуу сертификатты көрсөтүп, Кыргызстанга кирип жатканда ПЧР-тест тапшырбай эле койсо болору айтылат. Ал эми эмдөөдөн өтпөгөн болсо, анда өлкөгө кирип жатканда ПЧР-тесттын жыйынтыгын көрсөтүшү керек.

COVID-19 менен күрөшүү алгоритми

Жогорудагы алгоритм Кыргызстанга учуп келген чет өлкөлүк жарандарга эле эмес, кыргызстандыктарга, ошондой эле жарандыгы жок адамдарга да тиешелүү.

Алгоритм өзгөрүлбөгөнүн «Клооптун» журналистине Саламаттык сактоо министрлигинен дагы тастыкташты.

«Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанга учуп келүүдөгү өзгөрүүлөр тууралуу расмий жарыялаган эмес. Эски [июндагы] алгоритм иштеп жатат. Ооба, сунуштар киргизилген, бирок азырынча эч кандай өзгөрүүлөр жок», — деп такташты Саламаттык сактоо министрлигинен.

Мындан сырткары, Саламаттык сактоо министрлиги минкабдын 29-ноябрдагы билдирүүсү талкууланганын, бирок ал боюнча процедураны алмаштырган жыйынтыктоочу документ кабыл алына электигин билдирди.

«Манас» аэропортунан эмне деп жооп беришти?

Вакцина алгандарга өлкөгө кирүү үчүн ПЧР-тесттин зарылчылыгы тууралуу суроо менен «Клооптун» журналисти «Манас» аэропортунун басма сөз кызматына да кайрылды. Ал жактан да аэрпорттун санитардык-карантиндик пунктунун кызматкерлери 2021-жылдын июнунда кабыл алынган алгоритм боюнча иштеп жатканын маалымдашты.

«Эгер эмделгендиги тууралуу сертификаты бар болсо жана ал Республикалык штаб тарабынан таанылган өлкөлөрдө жасалган болсо, анда ПЧР-тесттин кереги жок», — деп кабарлашты басма сөз кызматтагылар.

Эмделген жарандардын ПЧР-тест тапшыруу боюнча маселеси актуалдуу бойдон калууда, анткени Европа өлкөлөрүндө тест тапшыруу 100 евродон ашык болушу мүмкүн. Анткен менен ПЧР-тесттин жыйынтыктары алган убакыттан тартып 72 сааттан ашпаган убакытка гана жарактуу, ал эми коронавируска каршы эмдөө жарым жылдан ашык убакыт жарактуу, ал эми эмдөөнүн өзү — акысыз.