Ысык-Ата районунда кафеде чыккан өрттөн эки адам каза болду

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы 14-декабрь күнү таңга маал Чүйдүн Ысык-Ата районунда өрттүн кесепетинен эки адам каза болгонун билдирди.

Маалыматка ылайык, Новопакровка айылынын Ленин көчөсүндө жайгашкан кафелердин биринде өрт чыгып, кароолчунун 6 чармы метрлик бөлмөсү толугу менен күйүп кеткен. Кафенин эки кызматкери окуя болгон жерде каза болгон.

ӨКМден өрт таңкы саат 6:30да чектөөгө алынып, 6:50дө толугу менен өчүрулгөнүн кошумчалашты. Ушул тапта кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.

Үстүбүздөгү жылдын 6-декабрь күнү саат Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында турак үй өрттөнүп, бир адам каза болгон. Анда Чолпон-Атадагы Акматбай-Ата көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн 50 чарчы метр бөлмөсү өрттөнүп, 63 жаштагы адам көз жумган. Өрт электр зымынын кыска чыналуусунан чыкканы белгилүү болгон.