Жалал-Абадда өспүрүм кызды никеге туруу максатында уурдаган киши үй камагына чыкты

Жалал-Абад шаарында мажбурлап никеге туруу максатында 17 жаштагы кызды уурдаган 27 жаштагы киши үй камагына чыкты. Бул тууралуу «Клоопко» облустук соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кызды уурдаган шектүү 2022-жылдын 9-февралга чейин үй камагында болот. Ал эми кыз уурдоого жардам берген шериги эки айга тергөө абагында калтырылды.

Облустук соттон мындай чечимдин себебин түшүндүрүшкөн жок.

Эске сала кетсек, 8-декабрда Жалал-Абад шаарынын Токтогул көчөсүндө таңкы саат 07:55 чамасында бир нече бала 17 жаштагы кызды күч колдонуп уурдап кетишкен.

Бул учурду күбөлөр видеого тартып алып, соцтармактарга тараган. Анда кыздын каршылык көрсөткөнүнө карабай бир нече киши күч колдонуп унаага салышкан. Кызга курбусу жардам берүүгө аракет кылган, бирок балдардын бири анын колун кайрып кармап турган.

Кызды унаага салгандан кийин башка адамдар да келип жардам бергиси келген, бирок шектүүлөр унааны айдап кетишкен.

Ошол эле күнү милиция ыкчам-тергөө жүргүзүп, жабырлануучу 17 жаштагы Базар-Коргон районунун тургуну экенин, аны өзүнүн айылдашы — 27 жаштагы киши никеге туруу максатында уурдап кеткенин аныктаган.

Милиция кызматкерлери шектүүнүн үйүнө барып кызды ата-энесине өткөрүп берген. Ал эми шектүү тергөө кызматына жеткирилген. Көп өтпөй кызды уурдоого жардам берген дагы бир шектүү кармалып, экөө тең убактылуу кармоочу жайга киргизилген болчу.

Сотко жетпеген ала качуу

Кыргызстанда ала качуу боюнча иштердин көбү сотко жетпей кыскарып кетет — жетсе да айыпталуучулар көп учурда жазасыз калышат. Мисалы 2020-жылы Жалал-Абад облусунда ала качуу боюнча 19 факты катталып, алардын баары тергөөдө кыскарган.

Милиция буга «кыздардын ата-энелери алар өз каалоосу менен турмуш курганын, дооматтары жок экенин айтып жазган тосмо арыздарын» жүйөө кылган.

Ал эми жалпысынан 2021-жылдын тогуз айында Кыргызстанда ала качуунун 187 учуру катталган. Анын сегизи гана сотко өтүп, калгандары «кылмыштын курамы жок болгондугуна байланыштуу» өндүрүштөн кыскартылган.

Апрель айында уурдалып, андан соң өлтүрүлгөн Айзаданын аянычтуу окуясынан кийин «Клооптун» жана «Азаттыктын» журналисттери «ала качуу» боюнча акыркы беш жылдагы соттук процесстерди изилдеп, Кыргызстанда ала качууга каршы берене дээрлик иштебейт деген тыянакка келишкен.

Кененирээк окуңуз:

Кыргызстанда ала качууга каршы берене дээрлик иштебейт. Сот иштеринин анализи