Жалал-Абад шаарында 17 жашар кызды күч колдонуп ала качкан 27 жаштагы киши кармалды. Ал учурда тергөөдө сурак берип жатат. Ал эми жабырлануучу кыз ата-энесине өткөрүлүп берилди.
Жалал-Абад ОИИБден билдиришкендей, окуя 8-декабрь таңкы саат 07:55 чамасында болгон. Анда шаардын Токтогул көчөсүндө жайгашкан «Эмаком» курулуш компаниясынын алдында 3-4 чакты жигит кызды ак түстөгү «Дэу Матиз» унаасына күч колдонуп салып уурдап кетишкен.
Бул учурду күбөлөр видеого тартып алып, ал соцтармактарга тараган. Анда кыздын ачуу чыңырып каршылык көрсөткөнүнө карабай балдар аны унаага салышканын көрүүгө болот. Кызга курбусу жардам берүүгө аракет кылган, бирок балдардын бири анын колун кайрып кармап турган.
Кызды унаага салгандан кийин башка адамдар да келип жардам бергиси келген, бирок шектүүлөр унаа менен кетип калышкан.
Ушул эле күнү милиция ыкчам-тергөө жүргүзүп, кыз 17 жаштагы Базар-Коргон районунун тургуну экенин, аны өзүнүн айылдашы — 27 жаштагы киши никеге туруу максатында уурдап кеткенин аныктаган.
Милиционерлер шектүүнүн үйүнө барып кызды ата-энесине өткөрүп берип, ал эми шектүүнү тергөөгө жеткиришкен. Учурда анын «шериктери» изделип жатат.
Үстүбүздөгү жылдын июль айында Жалал-Абад облусунун Сузак районунда уурдалып, зордукталганын айткан 17 жашар кыз жана анын апасы коомчулукка видеокайрылуу жасаган.
Анда алар кызды уурдаган адам эркиндикте жүргөнүн айтышып, милиция жана сотторго нааразы болушкан. ОИИБден «Ала качуу» боюнча иш сотко өткөнүн айтышкан, ал эми «Зордуктоо» иши кыскарып кеткени белгилүү болгон.
Дагы окуңуз: Видео: Сузакта ала качууга туш болуп, зордукталганын айткан кыз акыйкат издейт
Сотко жетпеген ала качуу фактылары
Кыргызстанда ала качуу боюнча иштердин көбү сотко жетпей кыскарып кетет — жетсе да айыпталуучулар көп учурда жазасыз калышат. Мисалы 2020-жылы Жалал-Абад облусунда ала качуу боюнча 19 факты катталып, алардын баары тергөөдө кыскарган.
Милиция буга «кыздардын ата-энелери алар өз каалоосу менен турмуш курганын, дооматтары жок экенин айтып жазган тосмо арыздарын» жүйөө кылган.
Ал эми жалпысынан 2021-жылдын тогуз айында Кыргызстанда ала качуунун 187 учуру катталган. Анын сегизи гана сотко өтүп, калгандары «кылмыштын курамы жок болгондугуна байланыштуу» өндүрүштөн кыскартылган.
Апрелде уурдалып, андан соң өлтүрүлгөн Айзаданын аянычтуу окуясынан кийин «Клооптун» жана «Азаттыктын» журналисттери «ала качуу» боюнча акыркы беш жылдагы соттук процесстерди изилдеп, Кыргызстанда ала качууга каршы берене дээрлик иштебейт деген тыянакка келишкен.