ИИМ: «Ала качуу» боюнча козголгон 187 кылмыш ишинин сегизи гана сотко өттү

Арт: Татьяна Зеленская

Ички иштер министрлиги 2021-жылдын тогуз айынын ичинде 187 «ала качуу» фактысын каттады. Бул тууралуу ИИМдин тергөө кызматынын улук тергөөчүсү Азамат Дүйшөналиев 19-октябрдагы маалымат жыйында билдирди.

Дүйшөналиевдин айтымында, катталган фактылардын сегизи гана сотко өткөрүлгөн. Бул иштер боюнча 14 кишиге айып тагылган.

«Ал эми 177 факты боюнча “кылмыштын курамы жок болгондугуна байланыштуу” кылмыш иштери кыскартылган. Дагы эки иш боюнча тергөө уланууда», — деди Дүйшөналиев.

Ошондой эле, Дүйшөналиев жашы жете электерди мажбурлап никеге тургузуу боюнча 19 факты катталганын, анын 17си кыскартылганын кошумчалады. Калган эки иш боюнча тергөө жүрүп жатат.

Үстүбүздөгү жылдын 5-апрелинде Бишкекте 27 жаштагы Айзада Канатбекова мажбурлап никеге туруу үчүн уурдалып, эки күндөн кийин анын сөөгү табылган. Айзаданы уурдаган Замирбек Теңизбаев аны алгач зордуктап, андан соң өлтүргөнү аныкталган.

Канатбекованын өлүмү коомчулукта кызуу талкууга алынып, элдин нааразычылыгын жараткан. Анткени милиция кызматкерлери мындан үч жыл мурда болгон 19 жаштагы Бурулай Турдалы кызынын окуясынан жыйынтык чыгарган эмес. Бурулайды уурдаган киши аны Жайыл РИИБнин имаратынын ичинде бычактаган.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев 26-апрелде кылмыш мыйзамдарын жакшыртуу боюнча жумушчу топтун жыйынында «ала качуу» катаал жазаланаарын билдирген. Бирок Кыргызстанда «Адамды никеге туруу максатында уурдоо» беренеси дээрлик иштебейт. Аталган берене боюнча кылмышкерлерге каттуу жаза каралганы менен көбүнчө алар шарттуу түрдө эркинен ажыратылат же толугу менен акталат.

«Клооп» жана «Азаттыктын» журналисттери «ала качуу» боюнча акыркы беш жылдагы соттук процесстерди изилдеп, иштер дээрлик сотко жетпей кыскартыларын аныкташкан. Ошондой эле эскперттер буга милиция менен прокуратуранын өз ишин мыйзам чегинде аткарбаганы себеп дешкен.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кыргызстанда ала качууга каршы берене дээрлик иштебейт. Сот иштеринин анализи

«Жашоону сүйчү». Айзаданы курбулары менен туугандары эскеришти

«Врач болгусу келген Бурулай». Ала качууга дуушар болгон кыз кантип бычакталып каза тапты?