Жер сатышкан. Башкы прокуратуранын кызматкери коррупцияга шектелип кармалды

14-декабрда Бишкекте Башкы прокуратуранын жана Мамлекеттик каттоо кызматынын жумушчулары коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу «Клооптун» маалымат булактары билдирди.

Аны менен кошо Бишкек машина куруу заводунун кызматкери дагы кармалганы кабарланды. Алар УКМКнын ТИЗОсуна киргизилди.

Маалымат булактын билдиришче, кармалгандар Сокулук районундагы машина куруу заводуна тиешелүү жер тилкелерин мыйзамсыз ажыратууга* шектелүүдө. Бул жерлер кийин 600 миң доллардан ашык суммага сатылган.

*Жер тилкесин ажыратуу деп жердин ээси тиешелүү келишимдердин негизинде өз участогун башкалардын менчигине өткөрүп берүү айтылат.

Өздүк булак кошумчалагандай, 15-декабрда соттук отурум болуп, анда кармалгандардын баш коргоо чарасы аныкталат.