Жанар Акаев: Адилетсиз буйрукту аткарган БШК, силердин уятыңарда болсун

Жанар Акаев

Депутат жана «Альянс» партиясынан талапкер Жанар Акаев мандат албай калганы боюнча пикирин билдирди. Ал БШКны «“Альянска” анын ичинде мага гана тиешелүү маселени атайылап өзгөрттү» деп айыптады.

Акаевдин айтымында, БШКнын жетекчилиги «басым кылып токтомду өзгөртүү үчүн» комиссия мүчөлөрүн 13-декабрдын түнүндө чогулткан. Ошондой эле ал сунуш колдоо таппаган соң, ар бир мүчөсүнө «жогорудан салам-дубай айттырып», маселени бышырып кайра алып чыгышты деп билдирди.

«Жеңүүчүлөр аныкталгандан кийин, бир адамга карата атайын эрежени өзгөртүү эч бир логикага сыйбайт жана жеткен коркоктук! БШКнын эрежени шайлоодон кийин өзгөрткөн чечими менде эле эмес, элдин баарында күмөн ой жаратты. Мындай адилетсиз буйрукту аткарган БШК мүчөлөрү жана буйрук бергендер силердин уятыңарда болсун!», — деди Акаев.

Ошондой эле депутат өзү жаңы саясий маданиятты калыптандырууну көздөгөн саясатчы экенин, гендердик баланс жана аялдардын квотасы үчүн күрөшүп келгенин белгилеп, БШКнын чечимине Токтотүбү Оргалчанын күнөөсү жок экенин айтты.

«Партиялык баалулукту жогору коюп, “Альянстын” ишмердигин күчөтө беребиз. Мени колдогон элиме чексиз ыраазымын, эч бир каражатсыз беш миң адамдын таза добушу мага дайыма сыймык! Дайыма эл тарапта, чындык тарапта болуп келгенбиз, саясий ишмердигибиз күчөйт, саясатта айтчу сөздөр али алдыда!» — деп сөзүн жыйынтыктады ал.

БШКнын талкуу жараткан чечими

Борбордук шайлоо комиссиясы 15-декабрдагы отурумунда «добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана шайлоонун натыйжаларын аныктоону уюштуруунун тартиби жөнүндө» жобого өзгөртүүлөрдү киргизген.

Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, эгерде парламентке өткөн партия 7 мандатка ээ болсо, анын үчөө аял талапкерлерге берилет. Буга чейинки жободо 7 мандат алган партияда эки талапкер аял болушу керек деп көрсөтүлгөн эле.

Боршайкомдун отурумунда аталган өзгөртүүлөр жобону шайлоо жөнүндө конституциялык мыйзамга шайкеш келтирүү үчүн кабыл алынганы айтылган. Ага ылайык, парламентке өткөн партияларда 30% гендердик квота сакталышы керек.

Жаңы өзгөртүүлөрдөн улам соцтармактардын колдонуучулары «Альянс» партиясынын теңтөрагасы Жанар Акаев Жогорку Кеңешке өтпөй калганын айтып нааразы болушкан. Анткени Акаев шайлоонун жыйынтыгында партиялаштарынын ичинен 7-орунду алып, мандат алары күтүлгөн эле.

БШКнын мүчөсү Искендер Гайпкулов «Азаттыкка» курган маегинде Акаевдин ордуна парламентке Токтобүбү Оргалчага келерин бышыктаган.

Оргалча —Кытайда төрөлгөн этникалык кыргыз. Учурда Кыргызстандын жараны.

Ал «Шыдыр Жол Кей Джи», «МегаКомпани», «Томас Кей Джи» компанияларына жана «Диализ» медициналык борборуна ээлик кылат. «Шыдыр Жол Кей Джи» компаниясынын автобустары 2020-жылы октябрь окуяларында Садыр Жапаровдун тарапташтарын ташып жүргөнү маалымдалган.

Ошондой эле «Ата Мекен» партиясынын талапкери Али Токтакунов Токтобүбү Оргалчаны президент Садыр Жапаровдун «аяшы» деп атаган. Ал эми «Альянстын» талапкери Айсулуу Мамашова Оргалча тууралуу «ушактарга ишенбөөгө» чакырган.

Дагы окуңуз:

«Альянс» партиясынан Жанар Акаевдин ордуна Жогорку Кеңешке Токтобүбү Оргалча келет

Партиялык тизме боюнча шайлоонун жыйынтыгы чыкты. 54 мандат кимдерге берилди?