Плагиат программа, «винегрет» партия. Жаш талапкерлер бири-бирине кандай суроо узатты?

Айсулуу Мамашова, Али Токтакунов жана Жанна Ильина.

11-ноябрда ЭЛТР телеканалында парламенттик шайлоого аттанган жаш талапкерлердин дебаты өттү. Ага «Күчтүү регоиндон» Алмаз Карипов, «Ата Мекенден» Али Токтакунов, «Ишенимден» Жанна Ильина жана «Альянстан» Айсулуу Мамашова катышты.

Дебаттын экинчи турунда талапкерлер бири-бирине даярдаган суроолорун узатышты. Анда «Ишенимдин» программасынын плагиатка шектелиши, партиялардын курамы жана алардын позициясы боюнча маселелер көтөрүлдү.

ЭЛТР телеканалында парламенттик шайлоого аттанган жаш талапкерлердин дебаты. Түз эфирдин скриншоту.

«Ата Мекен» партиясынын талапкери Али Токтакунов Жанна Ильинага «Ишеним» партиясы Орусиядагы «Новые люди» партиясынын программасын көчүрүп алганы тууралуу Болот Темировдун* иликтөөсүн көрсөтүп, партияга ишенүүгө болобу деп суроо берди.

*«Темиров Live» каналынын журналисттери «Ишеним » партиясы саясий программасын Орусиянын «Новые люди» партиясынын программасынын негизинде жазганын аныкташкан.« “Ишеним” жаңы партия, бөлөк бирөөнүн программасын сөзмө сөз, мааниге маани кылып көчүрүп бара жатса “Ишенимге” ишенүүгө болобу? Партиянын негиздөөчүлөрүнүн бири, президенттин мурдагы кеңешчиси Медетбек Букуев башка партия менен шайлоого бара жатат, силерге өз кожоюнуңар ишенбесе, “Ишенимге” ишенүүгө болобу?», — деди Токтакунов.

Ал эми «Ишенимдин» талапкери Жанна Ильина «партиялардын программалары бирдей эле жазылган» деп жүйө келтирди. Ал эми Букуев башка партия менен шайлоого баратканын «өзүнүн тандоосу» деп негиздеди.

«Бардык партиядагы көйгөйлүү маселелер бирдей эле. Программа сөзмө сөз жазылган эмес, мааниси ооба бирдей. Мисалы ошол эле экономика, коопсуздук, ден соолук жөнүндө жазылган. Сиздер ошону дагы бир сыйра карап чыксаңыздар. [...] Ар бир кишинин өз укугу бар [Медетбек Букуев тууралуу]. Кайсы партия менен барса да биз ага эч нерсе айта албайбыз», — деди Ильина.

*Апрелде дагы Ош шаардык кеңешине ат салышкан «Ишеним» партиясы программасын Казакстандын Алма-Ата шаарын өнүктүрүүгө багытталган 2020-жылдагы пландан көчүрүп алганы белгилүү болгон.

Президенттин «аяшы» жана мурдагы кеңешчиси

Токтобүбү Оргалча менен Медетбек Букуев.

Али Токтакунов «Ишеним» партиясынын курамында президенттин мурдагы кеңешчиси Медетбек Букуев менен «аяшы» Оргалча Токтобүбү бара жатканын белгилеп, алардын позициясы кандай экенине кызыкты.

«“Альянс”, сиздер өзүңүздөрдү оппозиция деп атадыңыздар, бирок курамында президенттин мурдагы кеңешчиси Медетбек Букуев*, президенттин аяшы Токтобүбү Оргалча* жана былтыр “Мекеним Кыргызстан” партиясынын камчысын чапкан, коррупционерлерди коргогон бир топ адамдар баратат. Сиздер чыныгы оппозициялык партиясыздарбы, бийликчил партиясыздарбы же «винегрет» партиясыздарбы?», — деди Токтакунов.

*Медетбек Букуев — «Альянс» партиясынын талапкери. Ал 2010-жылы «Эл бийлиги», 2011-жылы «Ишеним» партиясын негиздеген. Ал эми 2020-жылдагы парламенттик шайлоого «Мекенчил» партиясы менен катышкан. Үстүбүздөгү жылдын 29-январда президенттин кеңешчиси болуп дайындалган, кийин министрлер кабинетинин төрагасынын кеңешчиси болгон. Шайлоо алдында кызматын тапшырган.

*Токтобүбү Оргалча — «Альянс» партиясынын талапкери. Ал «Шыдыр Жол Кей Джи», «МегаКомпани», «Томас Кей Джи» компанияларынын жана «Диализ» медициналык борборунун ээси. «Шыдыр Жол Кей Джи» компаниясынын автобустары 2020-жылы октябрь окуяларында Садыр Жапаровдун тарапташтарын ташып жүргөнү маалымдалган.

«Альянс» партиясынын талапкери Айсулуу Мамашова Медетбек Букуев жөн жерден «Ишенимден» оппозициячыл партияга кетпегенин айтып, Токтобүбү Оргалча тууралуу ушактарга ишенбөөгө чакырды.

«Бул мырза жөн жерден “Ишенимден” оппозициялык партияга кеткен жок, анткени пикир келишпестиктер болгон. Ар бир кишинин жолун тандоого акысы бар. Оргалча эжебиз тууралуу айта турган болсом, ушактарга ишенгенибиз туура эмес. Ушакчылар бизде өтө көп. Жөн жерден ушак чыгарышат. Бул биздин талапкерибиз биринчиден, элге жардам берейин деп автобустарды чыгарган, көптөгөн жарандарыбызга жардам берип, компанияларга инвестиция тартып келе жатат», — деп жооп берди Мамашова.

Мамлекеттик кызмат, Акаев менен Жээнчороевго болгон мамиле

«Альянс» партиясынын талапкерлери. Сүрөт: партиянын фейсбуктагы барагы

Суроо берүү кезеги «Ишеним» партиясына берилип, Жанна Ильина «Ата Мекендин» талапкери Али Токтакунов «мамлекеттик кызматта бир да күн иштебегенин» белгилеп, мамлекетти кантип өнүктүргөнү жатканына кызыкты.

«Биз дайыма мамлекеттик кызматта профессионалдуу адамдар иштеши керек деп айтып келебиз. Билишибизче, сиз бир да күн мамлекеттик кызматта иштеген эмессиз. Мамлекеттик аппараттын түзүмүн билбей туруп, кантип мамлекетти өнүктүргөнү жатасыз?», — деп сурады Ильина.

Анын суроосуна Токтакунов «өкмөткө эмес, парламентке бара жатканын» белгилеп, «мамлекеттик аппараттын структурасын абдан жакшы билем» деп жооп узатты.

«Биз маселенин жолун чечишти билебиз. Биз маселени чече турган адамдарды кантип иштетишти билебиз. Биз өкмөттү камчылап, аларды көзгө сайып иштештүүнүн жолун жакшы билебиз. Мына ошон үчүн баратам», — деди Токтакунов.

Ошондой эле, «Ата Мекен» партиясына «Альянстын» талапкери Айсулуу Мамашова да суроо узатып, партиянын мүчөлөрү бажыдагы коррупция боюнча иликтөөдө Токтакуновду колдогонун эскертти.

«Саймаити* боюнча депутаттык комиссия түзүлгөндө биздин тең төрага Мирлан Жээнчороев биринчи сизди колдоп чыкты эле. Ошол эле учурда Жанар Акаев да болгон. Ушул адамдардан күмөнүңүз барбы?» — деп сурады Мамашова.

*Айэркен Саймаити — Кыргызстандан 700 млн долларды адалдап чыгарып кетүүгө көмөктөшкөн ишкер. Ал берген документтер «Азаттык», «Клооп» жана OCCRPнин кыргыз бажысындагы коррупция тууралуу журналисттик иликтөөсүнө негиз болгон. Саймаитиге байланышкан жагдайларды иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүлүп, 12 депутат мүчө болгон. Бирок Мирлан Жээнчороев комиссиянын курамынан чыгып кеткен. Ал өз чечимин комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен макул болбогондугу менен түшүндүргөн.

Ал эми Али Токтакунов Жанар Акаев менен Мирлан Жээнчороевго ыраазычылыгын билдирип, бирок депутаттар Айэркен Саймаитинин иши парламентте каралып жатканда «аягына чейин туруштук бере алышкан жок» деди.

«Тилекке каршы аягына чейин тилектеш болуп, мыйзамдуу чекит коюуга жардам бере алышпады. Менин таламымды эмес, ал жерде мыйзамдуулукту талап кылышкан. Туура, Мирлан Жээнчороевго абдан ыраазымын бул үчүн. Менин гана таламымды талашты деп ойлобоймун. Жалпы кыргыз элинин таламын талашты. Жеке карызым деп ойлобойм», — деди Токтакунов.

Шайлоого аттанган жаш талапкерлердин дебаты ЭЛТР телеканалында күн сайын өтүп жатат. 2-ноябрь кечки саат сегизде өтүүү дебатка «Кыргыстанды Бириктирүүчү Патриоттук партия», «Мекенчил эл», «Багыт» жана «Улуттар биримдиги» партиялары катышат.

Тема боюнча дагы окуңуз:

Эски жүздөр vs коррупцияга каршы күрөшкөндөр. Парламенттик шайлоодо кимди шайлайбыз?

Шайлоого 21 партия жана бир мандаттуу округдардан 321 талапкер катышат

Үгүттүн биринчи аптасында «Ишеним» 19,5 млн сом коротту. Калгандарычы?