Акыркы суткада коронавирус жуктурган эки бейтап каза болуп, 29 жаңы учур катталды

Иллюстративдик сүрөт.

Кыргызстанда 14-декабрга карата коронавирустан эки адам каза болду, илдеттен 39 бейтап айыгып чыкты. Жуктуруунун 29 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын маалымдашты.

Акыркы суткада Бишкек шаарында 16, Чүй облусунда жети, Жалал-Абад облусунда үч адам илдетке чалдыкты. Ошондой эле, Ош шаары менен Ош облусунда жана Нарын облусунда жуктуруунун бирден жаңы учуру катталды. Калган облустарда коронавирутун жаңы учуру катталган жок.

COVID-19 пандемиясы башталгандан бери өлкөдө илдетке чалдыккандардын жалпы саны 184 123кө жетти. Өлкө боюнча 179 205 киши вирустан айыкты. Коронавирустан жалпы 2779 адам көз жумду.

Учурда 303 бейтап ооруканада, ал эми 348 киши үй шартында дарыланууда.

Ошондой эле, 17-декабрга карата 9 409 адам COVID-19га каршы вакцина алды, анын ичинде 4 055 адам биринчи дозасын, ал эми 5 354 киши экинчи дозасын алды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.