«Манас» эл аралык аэропорту штаттык режимде иштеп баштады

Жаңылык 12:15те жаңыртылды 

17-декабрь саат 12:15ке карата «Манас» эл аралык аэропорту штаттык режимде иштеп жатат. Туман тарап, аба ырайы жакшырганына байланыштуу каттамдар учуп-конуп жатат. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы кабарлады.

Буга чейин басма сөз кызмат 17-декабрга караган түнү саат 00:00дөн бери «Манас» эл аралык аэропортун коюу туман каптап, бир нече каттамдар убактылуу токтотулганын билдирген.  

Маалыматка караганда, Алматыдагы кошумча аэродромго үч учак конгон. Алар Стамбулдан келе жаткан «Түрк аба жолдору», Дубайдын «Флай Дубай» жана Москва шаарынын «Аэрофлот» компаниясынын учактары. Ал эми «Авиа Траффик» компаниясынын учагы Ош шаарындагы кошумча аэродромго конгону айтылган. 

Андан сырткары, «Эйр Астана» авиакомпаниясынын Нур-Султан жана Алматыдан уча турган каттамдары кармалып жатканы кошумчаланган. 

Ошондой эле, аэропорттун жетекчилиги аба каттамдары боюнча маалыматты «Манас» жана «Ош» аэропортторунан төмөнкү номерлер аркылуу тактап алууну өтүнгөн. 

  • «Манас» 0 312 693109
  • «Ош» 0 3222 90101

Аны менен катар, коопсуздук баарынан артык экенин белгилеп, жүргүнчүлөрдү түшүнүү менен кабыл алууга чакырган болчу.