Акыркы суткада коронавирустан эки адам каза болду

Республикалык ыкчам штабдын маалыматына ылайык, Кыргызстанда 18-декабрга карата коронавирустан эки бейтап каза болуп, илдеттен 42 адам айыкты. Ал эми жуктуруунун 40 жаңы учуру катталды.

  • Бишкек шаарында — 21;
  • Жалал-Абад облусу — 7;
  • Чүй облусунда — 5;
  • Ош облусунда — 3;
  • Ысык-Көл облусунда — 3;
  • Талас облусунда — 1.

COVID-19 пандемиясы башталгандан бери өлкөдө илдетке чалдыккандардын жалпы саны 184 163 жетти. Ал эми өлкө боюнча 179 247 киши вирустан айыкты. Коронавирустан жалпы 2 781 адам көз жумду.

Учурда 294 бейтап ооруканада, ал эми 357 киши үй шартында дарыланууда.

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 18-декабрга карата 9 558 адам COVID-19га каршы вакцина алды, анын ичинде 4 335 адам биринчи дозасын, ал эми 5 223 киши экинчи дозасын алды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.