Арча кулап саламаттык сактоо министринин көзү көгала болду

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 20-декабрда «Ала-Тоо 24» каналындагы сюжетте көзү көгөргөн абалда маек курду.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы чиновниктин көзүндөгү көгала 17-декабрда пайда болгонун түшүндүрдү. Анда Бейшеналиевге «Алтын балалык» реабилитациялык борборунун аймагына көчөт отургузуп жаткан учурда арча кулап түшкөн.

-«Ал ден соолугуна байланыштуу өргүү алса болмок, бирок алган жок. Элди дарылап, көзөмөлдөө керек», —деп белгиледи Саламаттык сактоо министрлиги kaktus.media басылмасына.

Чынында эле, Бейшеналиевдин 17-декабрга чейинки сүрөттөрдө бетинде көк болгон эмес.

Алымкадыр Бейшеналиев 15-декабрда Бишкекте саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы балдар бакчасынын жаңы филиалын ачылышында. Сүрөт: ведомствонун басма сөз кызматы