
Кыргызстанда 22-декабрга карата коронавирустан бир адам каза болду, илдеттен 48 бейтап айыгып чыкты. Жуктуруунун 51 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан кабарлашты.
- Бишкек шаарында — 18;
- Ош облусунда — 10;
- Жалал-Абад облусунда — 10;
- Чүй облусунда — 5;
- Ысык-Көл облусунда — 4;
- Баткен облусунда — 1;
- Нарын облусунда — 1;
- Ош шаарында — 1.
Ал эми Талас облусунда коронавирустун жаңы учуру катталган жок.
COVID-19 пандемиясы башталгандан бери өлкөдө илдетке чалдыккандардын жалпы саны 184 319га жетти. Өлкө боюнча 179 400 киши вирустан айыкты. Коронавирустан жалпы 2 787 адам көз жумду.
Учурда 295 бейтап ооруканада, ал эми 345 киши үй шартында дарыланууда.
Ошондой эле, 22-декабрга карата 9 370 адам COVID-19га каршы вакцина алды, анын ичинде 4 455 адам биринчи дозасын, ал эми 4 915 киши экинчи дозасын алды.
Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.