Азия чемпионаты: Өлкөнүн карате-до боюнча курамасы тогуз медаль багындырды

Кыргызстандын каратэ-до боюнча курама командасы 18-22-декабрь күндөрү Алматыда өтүп жаткан Азия чемпионатында тогуз медаль жеңди. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги кабарлады.

Мамлекеттик агенттиктен кадеттердин арасында күмүш медалды Канышай Турсунбаева (47 килограмм), колону — Элнура Ибрайымова (+54 килограмм). Даниэль Худайбердиев (52 килограмм) жана Михаил Адамалиев (63 килограмм) багындырышты.

Юниорлор арасында алтынды Умида Айсаева (48 килограмм), колону Сезим Эсенкулова (53 килограмм) алышты.

21 жашка чейинки жаштар арасындагы (U21) категориясында биринчи орунду (68 кг салмакта) Ольга Мальцева, үчүнчү орунду — Калыс Нурланбек уулу (67 кг салмакта) жана Назим Нурланов (75 кг салмакта) алды.

Солдон оңго: Нурланов Назим, тренер жана Нурланбек уулу Калыс.

Спортчулар мелдешке башкы тренер Бакыт Дүйшеевдин кол алдында аттанышкан.