«Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу». Жогорку сот Атамбаевдин ишин январда карайт

Жогорку сот мурдагы президент Алмазбек Атамбаев айыпталып жаткан «Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу» боюнча кылмыш ишин кайра кароону 2022-жылдын 17-январына жылдырды. Бул тууралуу «Клоопко» Жогорку соттун басма сөз кызматынын өкүлү Изати Шүгүралиева билдирди.

Шүгүралиева сот жабык өткөндүктөн, эмне себептен жылганы тууралуу маалымат бере албасын белгиледи.

«Иш жабык өткөндүктөн биз кандай чечим чыкканын гана айта алабыз. Болгону 17-январга жылды деп айтышты», — деп билдирди ал.

Ал эми айрым ЖМКлар кылмыш ишин кайра кароо юристтердин бири сот отурумун кийинкиге жылдыруу жөнүндө өтүнүч келтиргени себеп болгонун жазып чыгышты.

Ал арада Атамбаевдин тарапташтары Жогорку соттун алдына митингге чыгып, мурдагы президентти бошотууну, сот жыйынын ачык өткөрүүнү талап кылышты.

Митингчилер «Атамбаевге боштондук!», «Соттор адилеттүү чечим чыгарсын!», «Сот бардык эл үчүн ачык жана адилеттүү болуш керек!» деп жазылган плакаттарды көтөрүп чыгышты.

Буга чейин Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев октябрь окуялары боюнча иште мурдагы президенттин баш коргоо чарасы жокко чыгарылып, «ал камактан бошотулушу мүмкүн» деп билдирген.

«22-декабрда Жогорку сотто Азиз Батукаевдин иши боюнча отурум болот. Эгерде коллегия жактоочу тарапты колдосо, анда Алмазбек Шаршенович бошотулушу керек», — деген Жоошев.

Ал эми 21-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин эки кылмыш иши боюнча камакка алуу баш коргоо чарасын жокко чыгарган. Ал Түркиянын он жаранына паспорт берүү жана «Калыс Ордо» конушундагы мектептин курулушуна байланыштуу иштер.

Учурда мурдагы президент Бишкектеги №47 колонияда кармалууда.

Атамбаевдин камакка алынышы

Алмазбек Атамбаев.

Экс-президент Сооронбай Жээнбековдун тушунда Алмазбек Атамбаевге бир катар кылмыш иштери козголгон.

Ал Кой-Таш окуясы, «мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу, Бишкектеги «Калыс-Ордо» конушундагы мектеп куруудагы жана ЖЭБди жаңыртуудагы коррупция, Кой-Таштан мыйзамсыз жер* алууга байланыштуу иштердин фигуранты.

*Кийин Кой-Таш ишине байланыштуу эки иш бир ишке бириктирилген. 2020-жылдын июнь айында мурдагы президент Азиз Батукаевди бошотуу иши боюнча 11 жылга соттолгон. Бирок 2020-жылдын ноябрь айында Жогорку сот ага чейинки инстанциялардын өкүмдөрдү жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөткөн болчу.

Бирок, мурдагы президентке жаңы кылмыш иштери козголгон. Ага 2020-жылдын октябрь окуяларында массалык баш аламандык уюштурууга шектелип жатканы тууралуу билдирме тапшырылган. Ошондой эле ал 2016-жылы Түркиянын 10 атуулуна кыргыз жарандыгын мыйзамсыз берген деп айыпталууда.

Ал эми Атамбаевдин адвокаттары мурдагы президентке карата козголгон кылмыш иштеринин эсебин деле таппай калышканын айтышууда.

«Мен жактоочу катары эсебин деле жоготуп алдым. Атамбаевди айыптоо маани-маңызын жоготту. Бул жерде тергөө зарылчылыгы эмес, саясат болуп жатат», — деп эсептейт жактоочусу Замир Жоошев.

Тема боюнча дагы окуңуз:

Адвокат Жоошев: Эки кылмыш иши боюнча Атамбаевдин баш коргоо чарасы өзгөрдү

«Менин да балдарым чоң атасын сагынды» — Сеид Атамбаев Ташиевдин небереси экөөнүн сүрөтү боюнча