«Менин да балдарым чоң атасын сагынды» — Сеид Атамбаев Ташиевдин небереси экөөнүн сүрөтү боюнча

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сеид Атамбаев УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин сүрөтүнө жооп кылып, балдары менен түшкөн сүрөтүн жарыялап.

Эки күн мурун атайын кызматтын төрагасы Фейсбук барагына Жалал-Абаддагы ата-энесинин үйүндө небереси Альмир менен түшкөн сүрөтүн жарыялаган болчу.

Буга байланыштуу атасы камакта отурган Сейид Атамбаев үн катты.

«Өтө жүрөк элжиреткен сүрөт! Ташиев небересин кандай камкор жана мээрими менен алдына алып отурат, чынын, адамча айтканда, ар бирибиз ата, чоң атабыз! Менин балдарым да жакшы көргөн чоң атасы жок чоңоюп жатышат, анын мээримисиз, камкордугусуз чоңоюшат окшойт. Чынын айтсам, сагынып жатышат», — деп жазды ал Фейсбук барагына.

Сеид Атамбаев Аламүдүн шайлоо округунда баарынан көп добуш алып, парламенттин жетинчи чакырылышына өткөн. Мурдараак ал атасынын КСДП партиясын жетектеп жаткан.

Атамбаев эмне үчүн камакта?

Президент Сооронбай Жээнбековдун тушунда Алмазбек Атамбаевге жалпы-жонунан беш кылмыш иши козголгон.Ал Кой-Таш окуясы, «мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу, Бишкектеги «Калыс-Ордо» конушундагы мектеп куруудагы жана ЖЭБди жаңыртуудагы коррупция, Кой-Таштан мыйзамсыз жер* алууга байланыштуу иштердин фигуранты.

*Кийин Кой-Таш ишине байланыштуу эки иш бир ишке бириктирилген.

2020-жылдын июнь айында мурдагы президент Азиз Батукаевди бошотуу иши боюнча 11 жылга соттолгон. Бирок 2020-жылдын ноябрь айында Жогорку сот ага чейинки инстанциялардын өкүмдөрдү жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөткөн болчу.

Бирок, жакында эле мурдагы президентке жаңы кылмыш иштери козголгон. Ага 2020-жылдын октябрь окуяларында массалык баш аламандык уюштурууга шектелип жатканы тууралуу билдирме тапшырылган. Ошондой эле ал 2016-жылы Түркиянын 10 атуулуна кыргыз жарандыгын мыйзамсыз берген делип айыпталууда.

Ал эми Атамбаевдин адвокаттары мурдагы президентке карата козголгон кылмыш иштеринин эсебин деле таппай калышканын айтышууда.

«Мен жактоочу катары эсебин деле жоготуп алдым. Атамбаевди айыптоо маани-маңызын жоготту. Бул жерде тергөө зарылчылыгы эмес, саясат болуп жатат», — деп эсептейт жактоочусу Замир Жоошев.