Массалык башаламандык, бийликти басып алуу. Атамбаевге дагы эки айып тагылды

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге 2020-жылдын октябрь окуяларында массалык баш аламандык уюштурууга шектелип жатканы тууралуу билдирме тапшырылды. Бул тууралуу «Клоопко» анын адвокаты Сергей Слесарев кабарлады.

Алмазбек Атамбаев жана экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов, 2020-жыл 9-октябрь. Сүрөт: «Клооп»

Анын айтымында, Атамбаевге октябрь окуяларына байланыштуу эки билдирме тапшырылды. Биринчиси 5-6-октябрь окуяларына тиешелүү, анда Атамбаев тарапташтарынын жардамы менен колониядан мыйзамсыз бошонуп чыгууга шектелүүдө.

«Андан кийин 9-октябрь, анда бийликти күч менен басып алууга аракет жана массалык баш аламандыктарды уюштуруу боюнча билдирме келди», — деп айтып берди ал.

Слесарев бул айыптоолорду четке кагып, «алар октябрда болгон чыныгы окуяларга коошпойт турганын» айтты.

AKIpress басылмасына курган маегинде адвокат бул кылмыш иштери боюнча тергөө аяктап, иштин материалдары таанышуу үчүн тараптарга берилгенин, иш кийин прокурорлор аркылуу сотко өтөрүн билдирген.

Ишти ИИМдин Тергөө кызматы иликтеген.

Октябрь окуялары

Кыргызстанда бийлик 2020-жылдын октябрында алмашкан. Элдин нааразы болуусуна парламенттик шайлоонун жыйынтыгы себеп болгон — жыйынтык боюнча парламентке «Биримдик», «Мекени Кыргызстан» жана «Кыргызстан» бийликчил партиялары өткөн.

6-октябрга караган түнү митингчилер Ак үйдү басып алып, абактан бир нече саясатчыны, анын ичинде Алмазбек Атамбаев менен Садыр Жапаровду бошотуп чыгышкан.

Дагы окуңуз: «Революцияны түрмөдөн жасадым». Жапаров «Коммерсантка» эмне тууралуу айтып берди?

Жапаров «Адамдарды барымтага алуу» беренеси боюнча соттолуп, бийликти басып алууга аракет көрүү ишинде фигурант болгон.

Абактан бошоп* чыккандан кийин ал тарапкерлерин топтоп, бийликти басып ала баштаган.

*Андан кийин Жогорку сот Жапаровду бардык кылмыш иштеринде актаганы тууралуу маалымат чыккан. 9-октябрда сот бул маалыматты төгүндөп, иштер «жаңы ачылган жагдайлар боюнча» кайра кароого жөнөтүлгөнүн билдирген. Бирок Жапаров көп өтпөй эле бийликти басып алууга аракеттенүү иши боюнча акталып, барымтага алууга байланыштуу экинчи иш кошумча тергөөгө жөнөтүлүп, УКМК аны кыскарткан.

Ал кезде өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков менен премьер-министр Кубатбек Боронов кайда жүргөнү белгисиз болчу.

6-октябрда парламент депутаттарынын бир бөлүгү «Достук» мейманканасына чукул жыйынга чогулган. Жолугушуу жабык эшик артында, кворумсуз өткөн. Анда Кубатбек Боронов отставкага кетүү тууралуу арыз жазып, депутаттар премьер-министрлик кызматка Садыр Жапаровду дайындаганы белгилүү болгон. Айрым депутаттар аларга кысмак болгонун айтып чыгышкан. Депутаттардын бул чечиминин мыйзамдуулугун юристтер сынга алган.

Бирок 8-октябрда Жапаровдун тарапташтары өкмөт үйүнүн алдына митингге чыгып, өзүн легитимдүү премьер-министр деп эсептеген саясатчы алгачкы маанилүү убадаларын берген. Ал «өзү толук кандуу ишке киришкенден кийин» Жээнбеков отставкага кетет, ал эми бажы төрагасынын мурдагы орун басары, коррупция жана аткезчилик боюнча журналисттик иликтөөлөрдүн фигуранты Райымбек Матраимов камакка алынарын айткан.

Бирок бул убакытта Жапаровго атаандаш пайда болгон — жаш саясатчылар премьерликке Тилек Токтогазиевдин талапкерлигин сунушташкан. 9-октябрда Атамбаевдин, Бабановдун тарапкерлери менен жаш саясатчылар «УКТга каршы күрөш үчүн» биригип, митингге чогулушкан. Бул бирикмеден премьерликке Өмүрбек Бабанов сунушталып, ага Токтогазиев да макул болгон. Митингчилер Ала-Тоо аянтын көздөй бет алышкан.

Аянтта алар өздөрүн Жапаровдун тарапташтары деп атаган топ менен кагылышкан. Натыйжада Жапаровдун тарапташтары атаандаштарын таш бараңга алып, Токтогазиев жана саясатчылардын бирининин жан сакчысы ооруканага түшкөн. Ал эми Атамбаевдин унаасына белгисиз адам ок чыгарган. Аянтка курал көтөрүп келген адам азыркы күнгө чейин табыла элек.

Бишкектин чок ортосунда болгон окуялардан кийин президент Сооронбай Жээнбеов шаар ичине өзгөчө абал киргизген.

Тема боюнча: Өзгөчө абал. Президент Бишкекке аскердик түзүлүштөрдү киргизүүгө буйрук берди

14-октябрда мамрезиденцияда төртүнчү аракеттен кийин алтынчы чакырылыштын депутаттары Садыр Жапаровду премьер-министр кылып шайлашкан. Көп өтпөй Садыр Жапаров ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбековду отставкага кетирген. Ал эми 16-октябрда парламент Жээнбековдун отставкасын кабыл алып, Жапаровду президенттин милдетин аткаруучу кылып дайындаган.

Кийин мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтүп, 2021-жылдын 10-январында Жапаров президент болуп шайланган. Бул шайлоодо добуш берүүчүлөрдүн саны 39, 75%ды түзгөн. Анын ичинен Жапаровдун талапкерлигин 79,2% шайлоочу колдогон.

Ал эми 11-январда жаңы шайланган президент Жапаров Орусиянын «Коммерсант» басылмасына маек куруп, «түрмөдө жатып революция кылганын айтып берген».

«Үч жарым жыл карапайым эл менен түз байланыштым. «Одноклассники», Facebook, Instagramда тайпаларды ачтым. WhatsAppта адамдардын контакттарын чогултуп, ал жерде 50дөн ашык тайпа ачтым — бир тайпа 256 адамды батыра алат. Бул тайпалар аркылуу Кумтөр, өз ишим тууралуу маалыматтарды жайылттым. Ошентип үч жарым жылда бүткүл элге жете алдым.

Түрмөдө сен 24 саат эркинсиң: бош убактың көп. Мына ушундай жол менен түрмөдө жатып революция жасадым», — деген ал.

Кийин ИИМ октябрь окуяларына байланыштуу эки сотко чейинки өндүрүш ачкан. Биринчи иш — 5-6-октябрь окуялары боюнча, экинчиси — Ала-Тоо аянтындагы 9-октябрдагы митингге байланыштуу.

Атамбаевге карата иш

2020-жылдын ноябрь айында Жогорку сот Бишкектин Биринчи май райондук жана шаардык сотунун Алмазбек Атамбаевге карата өкүмдөрүн жокко чыгарган.

Бул инстанциялар аны кримтөбөл Азиз Батукаевди абактан бошотуудагы коррупция иши боюнча күнөөлүү деп тапкан. Анда Жогорку соттун басма сөз кызматы иш Бишкектин Биринчи май райсотуна кайра кароого жөнөтүлгөнүн билдирген.

Атамбаев — дагы бир нече кылмыш ишинин фигуранты: Бишкек ЖЭБди реконструкциялоо, «Калыс Ордо» конушундагы мектептин курулушу жана УКМКнын атайын даярдыктагы отряды тарабынан мурдагы президенттин Кой-Таштагы үйүн штурмга алуу. Ушул тапта Атамбаев Бишкектин четиндеги №47 түзөтүү колониясында.

Анын адвокаты Замир Жоошев Батукаевге байланыштуу кылмыш иши кайра кароого жөнөтүлгөндүктөн сот Атамбаевди камактан чыгарууга милдеттүү экенин буга чейин бир нече жолу билдирген.

Юристтин айтымында, Атамбаев фигурант катары өтүп жаткан башка кылмыш иштери боюнча сот баш коргоо чарасын колдонгон эмес, андыктан Атамбаев колониядан чыгышы керек болчу.

Бирок, Атамбаевге карата ачылган кылмыш иштери көбөйүп барат. Анткени, «Сапат» лицейинин директору Орхан Инанды Түркиянын атайын кызматы тарабынан уурдалгандан кийин Атамбаевге түрк жарандарына мыйзамсыз паспорт берүү жөнүндө айып тагылган.