Адвокат Жоошев: Эки кылмыш иши боюнча Атамбаевдин баш коргоо чарасы өзгөрдү

21-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин эки кылмыш иши боюнча камакта кармоо боюнча баш коргоо чарасын жокко чыгарды. Алар Түркиянын он жаранына паспорт берүү жана «Калыс Ордо» конушундагы мектептин курулушуна байланыштуу.

Мындан тышкары, Жогорку соттон бүгүн Азиз Батукаевдин бошотулушу жана Кой-Таш окуясы боюнча иштерге карата адвокаттардын арыздары караларын билдиришти — бул иштерде Атамбаев фигурант.

Ал арада Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев Октябрь окуясы боюнча иште мурдагы президентке карата чыгарылган баш коргоо чарасы дагы жокко чыгарылып, ал бошотулушу мүмкүндүгүн да билдирди.

«22-декабрда Жогорку сотто Азиз Батукаевдин иши боюнча процесс болот. Эгерде коллегия коргоочу тарапты колдосо, анда Алмазбек Шаршенович бошотулушу керек», — деди Жоошев.

Учурда мурдагы президент Бишкектеги №47 колонияда кармалууда.

Атамбаевге каршы иштер

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге каршы бир катар кылмыш иштери козголгон. Ал Кой-Таш окуясы, Түркиянын жарандарына мыйзамсыз паспорт берүү, Азиз Батукаевди бошшотуу, октябрь окуялары, Бишкек ЖЭБди реконструкциялоо жана «Калыс-Ордо» конушунда мектепти куруудагы коррупцияга байланыштуу иштердин фигуранты.

Ал эми Атамбаевдин адвокаттары мурдагы президентке карата козголгон кылмыш иштеринин эсебин деле таппай калышканын айтышууда.

«Мен жактоочу катары эсебин деле жоготуп алдым. Атамбаевди айыптоо маани-маңызын жоготту. Бул жерде тергөө зарылчылыгы эмес, саясат болуп жатат», — деп эсептейт жактоочусу Замир Жоошев.