«Эң эмгекчил жана иштерман». Минкаб төрасы алтынчы чакырылышка рахмат айтты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров алтынчы чакырылыштын депутаттарынын акыркы жыйынында сөз сүйлөдү. Ал бул чакырылыштын тарыхый маанисине токтолду.

Жапаров депутаттарга аткарган иши үчүн президенттин жана минкабдын атынан ыраазычылык билдирди.

«Садыр Жапаров сиздер менен жолукканда Жогорку Кенештин 6-чакырылышы тарыхый парламент болду деген жогорку баасын берген. Мен бул сөздөргө толук кошулам жана кубаттайт элем. 6-чакырылыш бийликтин тынчтык жол менен өткөрүүлүүсүнө өбөлгө түзгөн көпүрө болду жана мамлекетке стабилдүүлүк орноткон парламент болду», — деди ал.

Минкаб төрагасы бешинчи чакырылыш Конституциялык мөөнөтүн толук өтөгөн алгачкы парламент болсо, алтынчы чакырылыш бир жыл узак иштегенин белгиледи.

«Демек алтынчы чакырышыш өз милдетин ашыгы менен аткарды деп таанысак болот», —деп баса белгиледи ал.

Жапаров бул парламент мамлекеттик карыз, коңшу мамлекеттер менен болгон чек арадагы көйгөйлөр, Дача-СУдагы кырсык, ЖЭБдеги авария, Тарых музейин оңдоонун айланасындагы жана Кумтөрдөгү кырдаал сындуу орчунду маселерди талкуулап, чечим кабыл алганын эске салды.

Анын маалыматы боюнча, бул чакырылыш 1 300 мыйзам долбоорун караган, анын ичинен 500үн депутаттар өздөрү демилгелеген.

«Урматтуу депутаттар, сиздер бардык тармактар боюнча эбегейсиз зор иштерди алып бардыңыздар. Анткени мен сиздердин араңыздарда болуп буга күбө болуп жүрдүм. 6-чакырылыш эң бир эмгекчил жана иштерман чакырылыш болгонуна мезгил өзү дагы баа берет деп ойлойм. Биз көп иштедик […] Биз бир жолу Конституцияны өзгөртүүнү киргиздик, бир жолу жаңы Конституцияны кабыл алдык, үч президенттин тушунда иштедик, 9 жолу өкмөттү бекитип бериптирбиз. 6-чакырылыш Кыргызстандын тарыхында өз миссиясын толук аткарган, тарыхий парламент болуп калат деп ишенем», —деп белгиледи Жапаров.

Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаттары 2019-жылдын июнь айындагы кезектеги сессиянын жабылышында.
Сүрөт: парламенттин басма сөз кызматы.

Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын акыркы жыйыны бүгүн 22-декабрда болуп жатат жана ушуну менен депутаттардын ыйгарым укуктары аяктайт. Эртең 23-декабрда парламенттин жетинчи чакырылышынын биринчи отуруму болот.