Кадамжай: 61 жаштагы жеңесин аёосуз сабаган киши убактылуу кармоочу жайга киргизилди

Жабырлануучу. Соцтармактардан алынган сүрөт

Баткен облусунун Кадамжай районунда 61 жаштагы аял аёосуз сабалып ооруканага түштү. Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан жабырлануучуну тууганы сабаганын билдиришти.

Маалыматка ылайык, жабырлануучу шектүүнүн жеңеси болот — алар Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагына караштуу Сур айылынын тургундары.

30 жаштагы тургун 18-декабрда жеңесин Айдаркен шаарындагы базардан чыгып жатканда «үйүңүзгө жеткирип коёмун» деп алдап, Айдаркен — Сох унаа жолунда аёосуз ур-токмокко алган.

Мунун себебин ал «менин апамды бакшы, көзү ачык, молдого ысытма-суутма кылып, сен майып кылып койгонсун» деп негиздеген.

Милиция «Бейбаштык» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш башталды. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Ал арада соцтармактарда жабырлануучу пенсионердин сүрөттөрү тарап атат. Айрымдар ал «тажик жарандары тарабынан сабалган» деп жазышууда. Баткен ОИИБден аталган версия чындыкка дал келбейт деп белгилешти.

ТЕМА БОЮНЧА:

WPS индекси: Кыргызстан аялдар үчүн чөлкөмдөгү эң эле кооптуу өлкө