Айсулуу Тыныбекова аялдар күрөшү боюнча Азиянын мыкты спортчусу деп табылды

Айсулуу Тыныбекова. Сүрөт: UWW.org

Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова аялдар күрөшү боюнча Азиянын мыкты спортчусу деп табылды. Бул тууралуу Азиянын Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) Инстаграмдагы расмий барагында айтылды.

Уюмдан жеңүүчүлөргө сыйлыктар UWW Asia’нын 2022-жылдын 19-24-апрелинде Улан-Батордо өтө турган Башкы ассамблеясында тапшырыларын билдиришти.

Айсулуу Тыныбекова 2021-жылдын октябрынын башында күрөш боюнча Дүйнө чемптонатында 62 кг салмак категориясында экинчи жолу алтын медалды багындырган. Бул жеңиши менен спортчу дүйнөнүн эки жолку чемпиону аталган. Июль айында ал жайкы Токио Олимпиадасынын күмүш байгесине ээ болгон. Мындан тышкары, Тыныбекова дүйнөлүк кубоктун жана эл аралык деңгээдеги көптөгөн мелдештердин сыйлыгынын ээси.