Садыр Жапаров: Жол кырсыктарынан жабыркаган жаш балдардын саны 43%га көбөйдү

Иллюстративдик сүрөт

Кыргызстанда жол кырсыктарынан жабыркаган жаш балдардын саны быйылкы жылы 2020-жылга салыштырмалуу 43%га көбөйдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Министрлер кабинетинин 25-декабрдагы отурумунда билдирди.

Өлкө башчынын айтымында, эксперттер жол кырсыктары негизинен «айдоочулардын маданиятсыздыгынан келип чыгат» деп белгилешүүдө. Тактап айтканда:

  • айдоочулардын ылдамдыкты ашыргандыгынан;
  • айдоочулардын жол тилкесинде туура эмес манёвр жасагандыгынан
  • айдоочулардын жолдун карама-каршы тилкесине чыгып кеткендигинен;
  • айдоочулардын унаа каражаттарын мас абалында айдагандыгынан.

«Кырсыктар негизинен: шаарлар менен айылдарды бириктирген автожолдордо, Бишкек — Торугарт, Бишкек — Ош, Бишкек — Талас магистралдарында катталууда», — деп билдирди Жапаров.

Ошондой эле Жапаров өлкөдөгү «Коопсуз шаар» долбоорунун камералары турган жерлерде укук бузуулар 30-40%га чейин азайгандыгын белгиледи.

«Жол кыймылынын кырсыктарынын башкы себеби: айдоочулардын күбөлүктөрдү сатып алуусу, же автомектептердин начар окуткандыгында гана эмес, бул бүтүндөй коррупциялык система — схема», — деди ал.

Жапаровдун айтымында, бул бир гана Мамлекеттик автоинспекциясына тиешелүү эмес — бул бардык мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жергиликтүү бийликтин, социалдык органдардын көйгөйү.

«Бул жалпы элдик күрөш. Рулга отурган баланы “акырын айда, арак ичпе, кызылдан өтпө, шашпа“ деп күнүгө кулагына куюшубуз керек. Өмүр бир гана жолу берилет. Жол эрежесинин мыйзамдарын баарыбыз сактап, бирөөгө зыян келтирбей жашайлы», — деп айтты президент.

Жалпысынан Кыргызстанда 2021-жылдын башынан октябрь айына чейин катталган жол кырсыктарынан 587 киши каза тапкан. 5 437 жол кырсыгы катталып, 8 298 киши жаракат алган. Былтыркы жылга салыштырмалуу кырсыктар 29,2%га өскөн. Ал эми андан жаракат алгандардын саны 31%га, каза тапкандар 15,3%га көбөйгөн.