Акыркы суткада коронавирустан эки адам каза болду

Республикалык ыкчам штабдын маалыматына ылайык, Кыргызстанда 27-декабрга карата коронавирустан эки бейтап каза болду. Сутка ичинде илдеттен 30 адам айыгып чыкты, ал эми жуктуруунун 29 жаңы учуру катталды.

  • Бишкек шаарында — 17;
  • Ысык-Көл облусу — 6;
  • Чүй облусунда — 4;
  • Жалал-Абад облусу — 2.

COVID-19 пандемиясы башталгандан бери илдетке чалдыккандардын жалпы саны 184 506га жетти. Ал эми өлкө боюнча 179 619 киши вирустан айыкты. Кыргызстанда коронавирустан жалпы 2 797 адам көз жумду.

Учурда 292 бейтап ооруканада, ал эми 313 киши үй шартында дарыланууда.

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 27-декабрга карата 844 адам COVID-19га каршы вакцина алды, анын ичинде 356 адам биринчи дозасын, ал эми 488 киши экинчи дозасын алды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.