Кара-Кечеде көмүр казуу 10-январга чейин токтотулду

«Кыргыз көмүр» Нарын облусундагы Кара-Кече кенинде көмүр казуу убактылуу токтотулганын кабарлады — 10-январга чейин. Бул аралыкта карьерде тазалоо иштери жана кендин жаңы катмарын чалгындоо жүрөрү айтылды.

Буга чейин, 22-декабрда интернетке кенде тартылган видео тараган. Анда эркек кишилердин кыйкырышып жатканын угууга болот — маалыматка караганда «Альфа» атайын отряды менен көмүр ташыган айдоочулардын ортосунда чыр чыккан. «Кыргыз көмүр» кенде чыр чыкканын тастыктап, жаңжал видео жарыялангандан үч күн мурда болгонун, ага «үчүнчү күчтөр» себепкер экенин айтты.

«Кыргыз көмүр» жаңжалдын себебин ачыктаган жок — болгону кандайдыр бир чагымчылдык болгонун белгилеп, УКМКнын пикирин билүүнү сунуштады. Атайын кызмат чагымчылдык болгонун тастыктап, бирок пикир келишпестик айдоочулар ортосунда болгонун айтты. Ал эми спецназ абалды жөнгө салган.

«Альфа» атайын отряды жылытуу мезгилинде коопсуздукту камсыз кылуу максатында кенди кайтарууга мажбур болгон.