Калмаматов оппозициячыл саясатчыларга каршы көрсөтмө бербегенин айтты

УКМКнын тергөө абагына камакка алынган саясатчы Бактыбек Калмаматов Фейсбук барагы аркылуу коомчулукка кайрылуу жолдоду.

Калмаматов өзү тууралуу бийлик менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Исмаил Исаков, Ахматбек Келдибеков, Өмүрбек Текебаевге жана Жылдызкан Жолдошевага каршы көрсөтмө берип жатыптыр деген маалыматтар толугу менен жалган экенин билдирди.

«Мен камакка алынгандан бери бир да жолу суракка алынган жокмун. Жактоочуларымдан башка эч ким менен сүйлөшө элекмин. [...] Кимдир бирөөлөргө карата каршы көрсөтмө берүү ниетим да жок», — деп жазды саясатчы.

Аны менен бирге, Калмаматов абакта мыйзамсыз отурганын айтып, өзүнө коюлуп жаткан айып «акылга сыйбай турганын жана адилетсиз» экенин кошумчалады.

24-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук соту саясатчы Бактыбек Калмаматовду 9-февралга чейин УКМКнын тергөө абагына киргизген. Ал «Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты козутууга» шектеп кармалган.

Ал эми экс-депутат сот отурумга кирип келе жатып «бийлик ага кысым көрсөтүп жатканын» белгилеп, «бардыгыңар ачкачылык жарыялап, мөөнөтсүз митингдерди баштагыла» деп айткан.

Бактыбек Калмаматовдун кармалышы

Бактыбек Калмаматов.

Бактыбек Калмаматов 22-декабрда «Манас» аэропортунда УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалган. Ошол эле күнү ал сегиз сааттан ашуун суракка алынып, атайын кызматтын тергөө абагына 48 саатка камакка алынган.

Калмаматовдун адвокаты Айым Камчыбекова «Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутууга» шектелип жатканын айтып, муну «саясий куугунтук» деп сыпаттаган.

«Бул ойдон чыгарылган айып. Элдин бары анын видеолорун көргөн. Эч кандай араздашуу, козутуу жок. Жалгыз оппозициялык саясатчыга карата куугунтук», — деген ал.

Бактыбек Калмаматов — акыркы кездерде бийликти жана президент Садыр Жапаровду кескин сындап жүргөн саясатчылардын бири. Ал 28-ноябрда өткөн Жогорку Кеңешке шайлоого «Азаттык» партиясы менен катышкан. Бирок анын партиясы 5% босогодон өткөн эмес.

Калмаматов «Ата Мекен» партиясынын мурдагы мүчөсү жана парламенттин экс-депутаты. Ал үстүбүздөгү жылдын январында өткөн президенттик шайлоого катышып, 0,5% добуш алган.

Тема боюнча:

«Хан адилеттүүлүктөн тайды». Саясатчы Бактыбек Калмаматов 9-февралга чейин камалды