«Саясий куугунтук». Бактыбек Калмаматов сурактан кийин 48 саатка камалды

Бактыбек Калмаматов

УКМКга суракка жеткирилген саясатчы Бактыбек Калмаматов атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайына 48 саатка киргизилди. Бул тууралуу анын адвокаты Айым Камчыбекова «Азаттыкка» билдирди.

Адвокат Калмаматов «Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутууга» шектелип жатканын айтып, муну «саясий куугунтук» деп сыпаттады.

«Бул ойдон чыгарылган айып. Элдин бары анын видеолорун көргөн. Эч кандай араздашуу, козутуу жок. Жалгыз оппозициялык саясатчыга карата куугунтук», — деди ал.

Ал эми УКМК бул боюнча расмий комментарий бере элек.

Атайын кызматтын кызматкерлери Калмаматовду 22-декабрга караган түнү «Манас» эл аралык аэропортунан кармап, суракка алып кеткен. Саясатчы Сауд Арабияга кичи ажылыкка учуп кетип жатканда чек арачылар тарабынан токтотулган.

Кийинчерээк ага атайын кызматтын эки өкүлү келип, «күбө катары» суракка чакырылып жатканын билдиришкен. Экс-депутат видео кайрылуу жасап, суракка так кайсы иш боюнча чакырылганын билбестигин белгилеген.

Ал эми депутатка берилген чакыруу кагазында ал суракка «21-декабрда саат 17:00гө келүүсү керектиги» жазылган. Документке УКМКнын тергөөчүсү «И. Оторбеков» кол койгон.

Саясатчы чакыруу кагазында эмне үчүн өтүп кеткен убакыт көрсөтүлгөнүнө кызыкканда УКМК кызматкерлери чакыруу кагазын берүү үчүн аны «таппай жүрүшкөнүн» айтышкан. Ал эми Калмаматовдун жактоочусу УКМК анын жалпы жарандык паспорту «жасалма болушу мүмкүн» экенин текшерип жатканын билдирген.

Бактыбек Калмаматов — акыркы кездерде бийликти жана президент Садыр Жапаровду кескин сындап жүргөн саясатчылардын бири. Ал 28-ноябрда өткөн Жогорку Кеңешке шайлоого «Азаттык» партиясы менен катышкан. Бирок анын партиясы 5% босогодон өткөн эмес.

Калмаматов «Ата Мекен» партиясынын мурдагы мүчөсү жана парламенттин экс-депутаты. Ал үстүбүздөгү жылдын январында өткөн президенттик шайлоого катышып, 0,5% добуш алган.