«Хан адилеттүүлүктөн тайды». Саясатчы Бактыбек Калмаматов 9-февралга чейин камалды

Бишкектин Биринчи май райондук соту 24-декабрда саясатчы Бактыбек Калмаматовду 9-февралга чейин УКМКнын тергөө абагына киргизди. Калмаматов «Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты козутууга» шектеп кармалган.

Экс-депутат сот отурумга кирип келе жатып «бийлик ага кысым көрсөтүп жатканын» белгилеп, «баардыгыңар ачкачылык жарыялап, мөөнөтсүз митиндерди баштагыла» деп айтты.

«Биз булардын адилетсиздигине каршы күрөшөбүз! Хан адилеттүүлүктөн тайды. Хан мындан ары мамлекетти башкарууга моралдык укугу жок. Булар мага кысым көрсөтүп жатышат», — деди ал.

Биринчи май райондук сотуна Калмаматовдун үй-бүлө мүчөлөрү жана анын тарапташтары, ошондой эле «Реформа» саясий партиясынын лидери Клара Сооронкулова келип, отурумга катышууну каалашкан. Бирок милиционерлер алардын баарына сот залына кирүү уруксат берген жок. Мындан улам тирешүү орун алды.

Сооронкулованын айтымында, мыйзам боюнча Калмаматовдун баш коргоо чарасын кароо боюнча соттук отурум 23-декабрда өтүшү керек болчу.

«Калмаматов 48 саатка камалган. Мыйзамга ылайык, белгиленген мөөнөтүнөн ашпашы керек болчу. Соттук отурум 23-декабрда болуш керек эле, бирок отурум 24-декабрда саат 11:00 белгиленген. Судья дагы деле келе элек, 48 саат эмес 60 саатка жакын кармалды», — деди Сооронкулова.

Имараттын ичине саясатчынын тарапташтары «Калмаматовго боштондук бергиле» деген ураанды кыйкырып, «Эл уулуна боштондук!», «Саясий куугунтукту токтоткула!» деген транспоранттарды көтөрүп турушту.

Бактыбек Калмаматовдун кармалышы

Бактыбек Калмаматов 22-декабрда «Манас» аэропортунда УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалган. Ошол эле күнү ал сегиз сааттан ашуун суракка алынып, атайын кызматтын тергөө абагына 48 саатка камакка алынган.

Калмаматовдун адвокаты Айым Камчыбекова «Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутууга» шектелип жатканын айтып, муну «саясий куугунтук» деп сыпаттаган.

«Бул ойдон чыгарылган айып. Элдин бары анын видеолорун көргөн. Эч кандай араздашуу, козутуу жок. Жалгыз оппозициялык саясатчыга карата куугунтук», — деген ал.

Бактыбек Калмаматов — акыркы кездерде бийликти жана президент Садыр Жапаровду кескин сындап жүргөн саясатчылардын бири. Ал 28-ноябрда өткөн Жогорку Кеңешке шайлоого «Азаттык» партиясы менен катышкан. Бирок анын партиясы 5% босогодон өткөн эмес.

Калмаматов «Ата Мекен» партиясынын мурдагы мүчөсү жана парламенттин экс-депутаты. Ал үстүбүздөгү жылдын январында өткөн президенттик шайлоого катышып, 0,5% добуш алган.