Жаңы-жылга карата кыргыз-кытай чек арасы үч күнгө жабылат

Чек ара кызматынын басма сөз кызматы 29-декабрда кыргыз-кытай чек арасындагы көзөмөл-өткөрүү пунктары 2022-жылдын 1-январынан 3-январга чейин жабыларын билдирди.

Өткөрүү пунктары Жаңы-жыл майрамына карата Кытай тараптын демилгеси менен жабылары белгиленди. Атап айтканда, «Торугарт-автожол» жана «Эркечтам-автожол» көзөмөл-өткөрүү пункттары убактылуу жабылат.

Көзөмөл-өткөрүү пунктары 2022-жылдын 4-январынан тартып иштеп баштайт. Бул пункттар унааларды жана жүктөрдү өткөрүү алгоритми менен гана иштейт.