Бишкекте үч кишиден 22 кг чукул баңгизат алынды

Сүрөт: ИИМдин басма сөз кызматы

ИИМдин баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы каннабис тобундагы баңгизаттарды ташуу жана сатуу каналын жок кылды. Бул тууралуу 29-декабрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрү Бишкекте И.М аттуу жаран айдап бараткан «Форд Фокус» унаасын токтотушкан.

Кароо учурунда унаанын жүк салган бөлүгүндө полиэтилен баштыкка салынган марихуанага окшош зат табылган. Автоунаанын Ж.Н. аттуу жүргүнчүсүнүн өздүк буюмдар салынган баштыгында дагы «сүйрү формадагы кочкул-жашыл түстөгү кендирдин өзгөчө жыты бар заты табылган».

Кийинчерээк Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы автоунаа ээсинин үйүн да тинтип, жер төлөөсүнөн сегимз полиэтилен баштыгына салынган гашиш баңги каражатына окшош, табигый өстүрүлгөн, кендирдин өзгөчө жыты бар, ачык-күрөң түстөгү күкүм сымал затты тапкан.

«Алынган баңги каражаттардын жалпы салмагы 22 кг түзгөн, азыркы учурда соттук-химиялык экспертиза дайындалган», — деп билдиришти Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынан.

Унаанын айдоочусу «бул жүктү ага Бишкекке жеткириш үчүн “Бусу” деген каймана аты бар бала бергенин, ал аны жакын арада алып кетиши керек» деп түшүндүргөн.

ИИМдин маалыматына ылайык, унаанын айдоочусу И.М. жана Ж.М ( «Бусу») кармалган.

Башкы беттеги сүрөт иллюстративдүү.