Министрлер кабинети чет элдик студенттердин коопсуздугу маселесин талкуулады

27-декабрда министрлер кабинетинде чет элдик студенттердин өлкө аймагындагы коопсуздугу маселеси боюнча кеңешме өттү. Анда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов укук коргоо органдарына чет элдик студенттердин өлкөдөгү коопсуздугу боюнча маселени күчөтүлгөн көзөмөлгө алууну тапшырды.

Анын маалыматына караганда, Кыргызстанда 30 миңдент ашуун чет өлкөлүк бар, алардын ичинен 13 миңден ашыгы Индиядан, 9 285 адам Пакистандан келгендер.

«Алар – биздин жергебизде мейман, элдерибиздин ортосундагы достуктун көпүрөсү. Ар бир студент мыкты билим гана албастан, өлкө тууралуу жакшы пикирде калуусун каалайт элек. Министрлер кабинети ошондой эле ар бир студент камкордукка алынып, биздин өлкө тууралуу жагымдуу таасир алуусу үчүн ар бир университетте достук коомунун иштешин камсыз кылууга ниеттенет», — деп белгиледи Эдил Байсалов.

Минкабдын төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун төрагалыгы астында өткөн кеңешме. Сүрөт: Минкабдын басма сөз кызматы 

Жыйында жогорку окуу жайлардын жетекчилиги жана укук коргоо органдары тарабынан алдын алуу иш-чараларын, ошондой эле чет элдик жарандардын республикада жүрүү тартиби боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүү милдеттери талкууланды.

ИИМдин маалыматы боюнча, үстүбүздөгү жылдын 11 айында Бишкек шаарынын аймагында пакистандык жарандарга карата 63 кылмыш катталган, алардын көбү уурулук жана алдамчылык фактысына байланыштуу.

28-декабрда Бишкек ШИИБ Пакистандан келген студенттер менен жолугушуу өткөргөнүн маалымдашты. Шаардык милиционерлер чет элдик студенттерге коопсуздугуна коркунуч жаралган учурда, дароо жакынкы милиция бөлүмүнө кайрылуу аркылуу же 102 номерине чалуу менен билдирүү керектигин айтып беришти.

«Мындан тышкары бардык студенттерге, эгер зарыл болсо, милицияга түз эле байланышууга чакырып, милиционерлердин визиттик карточкалары таратылып берилди», — деп билдирди Бишкек ШИИБнин басма сөз кызматы.

Мындан сырткары, чет элдик студенттерге колдонуудагы миграцияга байланышкан мыйзамды жана Кыргызстанда чет элдиктердин жүрүү эрежелерин айтып беришти.

Буга чейин Кыргызстанда билим алып жаткан пакистандык студенттер аларга карата кол салуулар көбөйгөнүн айтып чыгышкан.

«Кыргызстанда окуган студенттер бул өлкөдө өздөрүн коопсуз сезбей калышты», — деп айтылган Кыргызстандагы Пакистандык студенттердин федерациясынын Фейсбук барагында жарыяланган билдирүүдө.

Анда алар минкабдан «пакистандык студенттердин коопсуздугун камсыз кылып берүүнү» өтүнүшкөн.

«Полиция бөлүмдөрүндө [милиция бөлүмдөрүндө] Кыргызстандагы чет элдик студенттердин санын эске алуу менен англис тилинин котормочусу болушу керек», — деп айтылган билдирүүдө.