Кыргызстандагы пакистандык студенттер аларга кол салуу көбөйгөнүн билдиришти

Кыргызстанда окуган пакистандык студенттер аларга кол салуу көбөйгөнүн айтып чыгышты. Алар бул тууралуу кайрылуусун 19-декабрда Кыргызстандагы Пакистандык студенттердин федерациясынын Фейсбук барагында жарыялашты.

«Кыргызстанда окуган студенттер бул өлкөдө өздөрүн коопсуз сезбей калышты», — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан сырткары, алар 18 жана 19-декабрда эки пакистандык студент жергиликтүү тургундар тарабынан тонолуп, сабалган айтып беришти.

«Биз Кыргызстандын өкмөтүн [минкаб] Кыргызстанда окуган пакистандык студенттердин коопсуздук чараларын камсыз кылууга чакырабыз. Полиция бөлүмдөрүндө [милиция бөлүмдөрүндө] Кыргызстандагы чет элдик студенттердин санын эске алуу менен англис тилинин котормочусу болушу керек», — деп кайрылышты студенттер.

Пакистандык студенттер жана туристтер

Пакистандык студенттер акыркы жолу 2021-жылдын августунда кайрылуу жасашкан. Анда пакистандык студенттердин бирикмеси интернет колдонуучулар Бишкектеги пакистандыктарды Ооганстандын жарандары менен байланыштырган маалыматтарды жарыялашууда деп маалымдашкан.

Студенттердин бул кайрылуусу соцтармактарда Кыргызстанда пакистандык студенттер көбөйүп кетти делген кабар менен байланыштуу болгон.

ТИМдин маалыматына ылайык, 2021-жылдын июль-август айларында «Электрондук виза» системасы боюнча Пакистан жарандарына 7,5 миң туристтик виза берилген. Ошондой эле ведомствонун маалыматына ылайык, 2019-2020-жылдарга карата пакистандык жарандарга 10 миң виза бергилген, алардын көпчүлүк бөлүгү студенттик виза болуп эсептелет.

Кийин сентябрда Пакистандын жарандары Кыргызстанга чартердик рейс менен жеткирилери белгилүү болгон. «Манас» аэропортунун башкармалыгынын башчысы Бакыт Шаршеев транспорт комитетинин жыйынында аэропорт Пакистандан келген чартердик каттамдардан 540 миң доллар киреше тапканын айткан болчу.

Анын айтымында, Кыргызстанга Пакистандын Исламабад, Лахор жана Сиалкот шаарларынан 65 чартердик рейс келген. Бул рейстер Кыргызстанга 12 миңге жакын кишини алып келген.