Минкаб ирригацияны оңдоп-түзөөгө жана жакшыртууга 1 млрд сом бөлөт

Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков 29-декабрдагы маалымат жыйында минкаб 2022-жылы кургакчылык маалында айыл-чарба өндүрүүчүлөрүн колдоо максатында 1 млрд сом бөлө турганын айтты.

Жаныбековдун айтымында, бул каражат узундугу 662,4 чакырымды түзгөн ирригациялык системаны оңдоп-түзөө иштерине жумшалат. Анын ичинен 114 чакырым канал бетондолуп, 883 чакырым канал механикалык тазалоодон өткөрүлөт.

«2022-жылы суу көйгөйүн болтурбоо максатында үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында 100 млн сом бөлүнгөн. Аны өздөштүрүү үчүн каражат Суу чарба мекемелерине бөлүштүрүлүп, активдүү иш алып барылууда. Мен келерки жылы дыйкандарыбызга суу берүү мезгилинде быйылкыдай көйгөйлөрдү азайтуу үчүн бир катар иштер жасалат деп ишендирип кетем», — деп билдирди министр.

Кыргызстандагы суу тартыштыгы жана кургакчылык

Кыргызстандын дыйкандары 2021-жылы жайдагы аномалдуу ысыкка байланыштуу кургакчылык көйгөйүнө кабылышкан. Дыйкандар июндун башында эле себилген 100 миң гектар жердин 6 миңге жакыны кургап калганын айтышкан.

Алардын айтымында, суу менен камсыз кылуу көйгөйү биринчи жылы эле чыгып жаткан жок, бирок 2021-жылы жагдай мышык ыйлай турган абалга келген.

Анда кургакчылык маселесине көңүл бурдуруу үчүн Чүй облусунун 300дөн ашык дыйканы митингге чыгышкан. Алар суу тартыштыгы Бишкекти азык-түлүк менен камсыздоого кедергисин тийгизе турганын айтышкан.

Айыл чарба министрлигинде айдоо аянттарын суу менен камсыз кылуу маселеси менен бирге эскилиги жеткен ирригациялык система да аталды. Ушул жайда эле аталган министрлик ирригация каналдары совет мезгилинде курулганын айткан болчу.