Акыркы суткада коронавирустан бир адам каза болду, 41 жаңы учур катталды

Республикалык штаб 30-декабрга карата өлкө аймагында коронавирустан бир адам көз жумганын кабарлады. Ал эми илдет жуктуруунун 41 жаңы учуру катталды.

Жуктуруунун басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында — 24. Экинчи катарда Ысык-Көл облусу — 5. Ал эми Чүй жана Ош облустарында төрттөн адам илдетке кабылса, Жалал-Абадда эки, Талас облусунда бир киши коронавирус жуктурду. Баткен менен Нарында жаңы учур катталган жок.

Акыркы суткада 48 адам коронавирустан айыгып чыкты. Ушул тапта 255 адам стационарда, 315 адам үй шартында дарыланып жатат.

Пандемия башталгандан бери вирус жуктургандардын саны өлкөдө 184 633 адамга жетти. Алардын ичинен 179 788 адам илдетти жеңип чыкты. Ал эми 2 800 адам COVID-19 жуктуруп каза болду.

Ал эми штабдын маалыматына таянсак, акыркы суткада 6 507 адам илдетке каршы вакцина алды. Алардын ичинен 3 230 адам биринчи дозаны, 3 277 адам экинчи дозаны алды.