Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын жаңы шайланган депутаттары 29-декабрдагы биринчи иш күнүндө Талант Мамытовду төрага кылып шайлашты.
Добуш берүү жабык өттү, жаңы спикерди 87 депутат шайлады. Мамытовдун талапкерлигин 63 парламентарий колдоду, ал эми Мадумаровго болгону 10 депутат добуш берди. Дагы 14 депутат эки талапкерге тең каршы добуш беришти.
Мамытовдун талапкерлигин «Ынтымак» фракциясы көрсөттү, ал эми Мадумаровдун талапкерлигин өзү лидерлик кылган «Бүтүн Кыргызстан» көрсөттү.
Талапкерлер эмне жөнүндө сүйлөдү?
Өзүнүн программасы тууралуу сүйлөгөн сөзүндө Талант Мамытов жагдайларына кенен токтолгон жок, бирок эгер шайланып калса, «таза жана адилетүү иштөө үчүн» болгон аракетин жумшарын белгиледи.
Мадумаров сөзүн баштабай жатып эле атаандаштарынын дарегине сөз ыргытты.
«Биз түшүнөбүз, Жогорку Кенештин курамы кандай экенин, кимдер кандай милдет менен келгенин, кандай убадалар бар экенин билебиз. Бирок ошого карабай «Бүтүн Кыргызстан» фракциясына ыраазычылык билдирем. Эмне максатта [менин талапкерлигим]коюлуп атат? Биз реалдууу карайбыз турмушка. Биринчиден, альтернатива жок болуп калды деген сөз болбош үчүн. Экинчиден, калдайган Кыргызстандын калкы азыркы Жогорку Кенештен үмүт кылып отурат», —деди ал.
Мадумаров парламент көз карандысыз институт болмоюнча «өлкөдө адилеттүү мыйзамдар кабыл алынбайт» деп белгиледи.
Ошондой эле эл өкүлү мурдагы чакырылыштын спикерлери кесиптештерин куугунтуктоолордон коргогон эмес деп билдирди. Эгер спикер болуп шайланса, мындай көрүнүш болбой деп убада берди.
Негизинен депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, Мамытов Мадумаровго караганда өзүн токтоо кармады. «Бүтүн Кыргызстандын» лидери парламент мурдагыдай эмес, баары «жоопкерчиликсиз» деген тариздеги сөздөрүн бир нече жолу кайталады. Мадумаров Жогорку Кенештин төртүнчү чакырылышында 2007-2008 жылдары төрага болгон.
Ошондой эле, ал алтынчы чакырылыштын депутаттары өлкө башчысы кайда жумшаса өз эрки болгон президенттик фонддун көлөмүн 2,8 млрд сомго көбөйткөнүнө нааразы болду. Ал эл өкүлдөрүн бул чечими үчүн жемелеп, бийликтин мыйзам чыгаруучу бутагы болгон парламент спикеринин фонду болгону 30 млн сом экенин белгиледи.
Мындан тышкары Мадумаров төрага болсо, «парламентти татыктуу деңгээлге көтөрүш үчүн күнү түнү иштерин айтты».
Өлкөдө кандай башкаруу формасы болуш керек деген суроого Мамытов бул суроо референдумга чыгарылып, «элдин 80%ы» президенттик форманы тандады деп жооп берди.
Мадумаров бул суроого өлкөгө күчтүү президенттик бийлик жана өлкөнүн туруктуулугу ыйгарым укуктары кеңейтилген күчтүү парламент керек экенин белгиледи.
Мамытов деген ким?
Талант Мамытов — үч чакырылыштын депутаты. Эң алгач, ал Жогорку Кеңешке 2010-жылы «Ата-Журт» партиясы менен келген. Талант Мамытов 2010-жылы Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиев негиздеген «Ата Журт» партиясынан Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышына депутат болуп шайланган.
2012-жылдын октябрь айында Жапаров, Ташиев жана Мамытов Кумтөр алтын кенин улутташтыруу талабы менен Ак үйдүн астында митинг уюштурушкан. Кийинчерээк митингчилер Ак үйдүн тосмосунан ашып түшкөнгө аракет жасашкан.
Үч депутат укук коргоо органдары тарабынан кармалып, аларга «бийликти күч менен басып алуу» айыбы тагылган. Бишкектин Биринчи май райондук соту 2013-жылы алардын күнөлүү деп тапкан. Кийинчерээк Бишкек шаардык сотунда судья Курманкул Зулушев депутаттарды актаган. Ал эми үстүбүздөгү жылдын 20-октябрында Жогорку Сот аларды толугу менен актаган.
Бийликке Садыр Жапаров келген октябрь окуяларынан кийин, Талант Мамытов спикер болуп шайланган.
Үстүбүздөгү жылдын октябрь айынын аягында Талант Мамытов парламенттик шайлоого катышканына байланыштуу төрагалык ыйгарым укуктарын убактылуу токтоткон. Шайлоого Мамытов «Ынтымак» партиясынын катарында катышкан.
Кыргызстанда парламенттик шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрында аралаш система менен өткөн. Анын ичинен 54 депутат партиялык тизме менен 36 эл өкүлү бир мандаттуу округдардан шайланган.
Коммисиянын чечими боюнча, Жогорку Кенештин жетинчи чакырылышына алты партия өткөн: «Ата-Журт Кыргызстан» 15 мандат алат, «Ишеним» 12 мандат, «Ынтымак» 12 мандат, «Альянс» 7 мандат, «Бүтүн Кыргызстан» 6 жана «Ыйман Нуру» 5 мандат алат.
ир мандаттуу округдар боюнча 34 депутат аныкталган. Бишкектин эки округунда —Свердлов жана Биринчи май — «Баарына каршы» эң көп добуш алгандыктан кайрадан шайлоо дайындалган. Кайра шайлоо 2022-жылдын 28-февралында өтөт.