Ысык-Көлдө турак үйдө чыккан өрттөн үч наристе көз жумду

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда үч жаш баланын өмүрүн алган өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы маалымдады.

Ведомствонун маалыматына караганда, каргаша Каракол айылынын Имаш көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде, 29-декабрь күнү катталды. Өрттүн кесепетинен 3 жана 6 жаштагы кыздар, беш жаштагы бала каза тапты. Саат 15:15 чамалуу башталган өрт Саат 16:20да чектөөгө алынып, 22:33тө гана толук өчүрүлдү. 

Болжол менен 105 чарчы метр турак үй толугу менен күйүп кеткен. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

«Азаттык» басылмасы кырсык болгон учурда үй ээлери жана балдардын ата-энесин коңшулары куткарып калганын жазды. Алдын ала маалымат боюнча, өрт үй ээлеринин кызуу абалда тамекини этиятсыз колдонгонунан келип чыккан.

Өлкөдө жыл башынан бери 2900дөн ашуу өрт кырсыгы катталган. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 17%га көп. Кырсыктан 37 киши каза болду. Анын ичинен онго жакыны жаш балдар.