«Манас» аэропортунда каттамдар жанданды

«Манас» аэропортунда каттамдар жанданды. Буга чейин аба ырайынан улам учактардын учушу жана конушу үч күндөй кыйынчылыкка учураган.

Өз убактысында учуп кете албай нааразы болгон жүргүнчүлөр мындан бир күн мурда бир аз ызы-чуу да чыгарышкан.

«Жүргүнчүлөрдүн айрымдары түшүнбөй ызы-чуу чыгарды, бирок азыркы учурда баары жайында. Авикомпаниялардын өкүлдөрү менен аэропорттун кызматкерлери алар менен иштешип жатышат», — деп билдиришкен күн мурда аэропорттун администрациясынан.

Натыйжада, Бишкектеги коюу тумандан улам үч учак Алматынын кошумча аэродромуна конууга аргасыз болгон.

«Стамбул (Түрк аба жолдору), Санкт-Петербург (Аэрофлот) жана Дубай (Флай Дубай). Ошондой эле, Оштогу кошумча аэродромго Иркутсктун (АвиаТраффик) учагы дагы конгон», — деп билдиришти «Манас» аэропортунан.