Күндүн саны: Жаңы жыл түнү Кыргызстанда 265 ымыркай төрөлдү

Өлкөдө 31-декабрдан 1-январга карган түнү 265 ымыркай төрөлдү — алардын арасында эгиздер бар. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин басма сөз кызматы билдирди.

Иллюстративдик сүрөт

Маалыматка ылайык, төрөлгөнөрдүн 144ү уул болсо, ал эми 121и кыз. Биринчилерден болуп түнкү саат 12:01де Талас облусунда жана түнкү саат 12:05те Жалал-Абаддын Сузак районунда уул балдар төрөлгөн.

Ал эми эң көп Жалал-Абад облусуда 64 ымыркай, Бишкек шаарында 56 ымыркай жарык дүйнөгө келген.