Centerra Кыргызстан менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн тастыктады жана өз талаптарын айтты

Канаданын Centerra Gold Inc компаниясы кыргыз бийлиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн жана тараптар ортосунда тынчтык келишими талкууланганын тастыктады.

Centerra Gold өзүнүн «туундуу» компаниясы «Кумтөр Голд Компани» аркылуу Борбор Азиядагы ири кен деп эсептелген Кумтөрдү иштетип келген. Кыргызстан Centerra Gold’дун акциясынын 26%на ээлик кылат жана компаниянын акцияларынын ири кармоочусу болуп эсептелет.

Кумтөр кенинин айланасындагы чыр 2021-жылы май айында башталган. Алгач сот канадалык компанияны экологиялык бузуулары үчүн миллардаган доллар айып төлөөгө милдеттендирген. Кийин кыргыз бийлиги «Кумтөргө » тышкы башкаруу киргизген.

Centerra кандай шарт койду

3-январда канадалык компания «ЖМКлардагы “Кумтөр” алтын кени келишимдик негизде Кыргызстанга өткөрүлүп берилиши мүмкүн экени жөнүндөгү билдирүүлөргө толуктоо» катары билдирүү таратты.

Centerra бул маселе боюнча кандай гана чечим кабыл алынбасын, анын негизине төмөнкү шарттар камтылышы керек деп эсептейт:

  • Centerra Centerra Gold Inc. компаниясынын «Кыргызалтын» ачык акционердик коомуна таандык (Кыргызстандын үлүшү 100%) болжолу 26,1%ды түзгөн кадимки акциясын өзүнө өткөрүп алат. Centerra Gold акция колго тийгенден кийин аны жокко чыгарат;
  • Кыргызстан Centerra’нын Кыргызстандагы туунду эки компаниясына толук жоопкерчилик алат. (Мында «Кумтөр Голд Компани» жана «Кумтөр Оперейтинг Компани» жөнүндө сөз болуп жатат);
  • «кенди тарттырып ийгендиктен» Centerrа Кыргызстанга 2021-жыл үчүн дивиденд төлөгөн эмес, эми «Кыргызалтынга» төлөп берет;
  • Centerra өзүнүн Кыргызстандагы эки туунду компаниясынын ортосундагы фирмалар аралык тең салмактуулукту жөнгө салууга байланышкан «айрым бир башка финансылык сый акы» төлөйт;
  • Centerra’нын директорлор кеңешинин курамынан «Кыргызалтындын» эки талапкери отставкага кетет;
  • тараптар толугу менен, биротоло бардык дооматтардан баш тартышат жана жоопкерчиликти мойнуна албастан бардык юрисдикциялардагы соттук териштирүүлөрдү токтотот. 
Centerra’нын президенти жана аткаруучу директору Скотт Перри ошол учурдагы премьер-министр Сапар Исаков менен, 2017-жыл. Сүрөт: 24.kg МА

«Кыргыз Республикасынын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр уланууда жана сунуш кылынган чечимдердин кайсы бири аткарылат деген кепилдик жок. Ошондой эле мындай чечимдин акыркы экономикалык жана башка шарттарына карата дагы эч кандай кепилдик жок. Кандай гана чечим болбосун жыйынтыктоочу, акыркы макулдашуу түрүндө даярдалышы керек», — деп баса белгиледи канадалык компания.

Президенттин билдирүүсү

Азырынча кыргыз бийлиги Centerra’нын билдирүүсүнө комментарий бере элек. Бирок президент Садыр Жапаров 2-январда Кумтөр кенине барган. Анда «канадалык Centerra Gold компаниясы менен сүйлөшүү процессинде жакшы жылыштар бар» деп белгилеген.

«Учурда тараптар башка нерселер менен катар “Кумтөр Голд Компани” компаниясын толугу менен Кыргыз Республикасына өткөрүп берүүнү камтыган тынчтык келишимин талкуулоону жыйынтыктап жатат. Мамлекет башчысы эң жакынкы убакта тараптар ортосундагы көп жылдык пикир келишпестиктерге чекит коюларына ишеним артты», — деп билдиришкен президенттик администрациядан.

Минкаб төрагасы Акылбек Жапаров, «Кумтөрдүн» сырткы башкаруучусу жана Садыр Жапаров Кумтөр кенинде. Сүрөт: президенттик администрациянын басма сөз кызматы

Centerra менен сүйлөшүүлөр

Сентябрдын аягында Женевада кыргыз тарап менен Centerra’нын сүйлөшүүлөрүнүн биринчи айлампасы өткөн. Кыргызстандын делегациясын минкабдын башчысы Акылбек Жапаров жана УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев баштап барган. Ал эми Канада компаниясынан Centerra’нын аткаруучу директору Скотт Перри өкүлчүлүк кылган.

Кыргыз тараптын билдиришинче, жолугушууну Centerra’нын аткаруучу директору Скотт Перри демилгелеген. Жыйынтыгында тараптар жабык эшик артында сүйлөшүү жүргүзүүнү макулдашкан.

Минкаб төрагасынын айтымында, Centerra’нын өкүлдөрү эгер өлкө канадалык компаниядагы акцияларынан баш тартса, кенди Кыргызстанга калтырууга даяр экенин билдиришкен.

Жалпысынан Кыргызстан толугу менен Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна караштуу «Кыргызалтын» мамлекеттик ишканасы аркылуу Centerra’нын акциясынын 26%на ээлик кылат — бул дээрлик 600 млн доллар. Centerra’нын акциялары Торонто жана Нью-Йорктогу фондулук биржаларда сатылат.

«Алар принципиалдуу түрдө Кыргызстандан кеттик деген чечимин айтты. Бирок "силер 26% акцияңарды бизге берсеңер" деген ойду дагы айтып жатышат. Биз андай болбойт, дообуз көп дедик. Эң оболу, эки тарап үстөлгө отуруп, бири-бирибизди уктук. Сын-пикир, талаптарды гана айтпастан, бул маселени кандай жолдор менен чечсек болот деген бир топ механизмдерди сүйлөштүк. Кийинки кадамдарды көрө жатарбыз», — деп билдирген Жапаров биринчи сүйлөшүүлөрдөн кийин.

23-декабрда кыргыз тарап менен канадалык Centerra Gold Inc. компаниясынын ортосунда сүйлөшүүлөрдүн экинчи раунду башталган. «Кумтөр Голд Компанинин» басма сөз кызматы тараптар кендин айланасында түзүлгөн кырдаал боюнча пикир алмашып, соттук териштирүүгө байланышкан маселелерди талкуулашты деп билдирген.

Ал эми 25-декабрда президент Садыр Жапаров Centerra компаниясына сес көрсөтүп, «Кумтөр» маселесин сүйлөшүү жолу менен чече албаса, анда Кыргызстан аларга каршы экологиялык доомат коерун айткан.

Кумтөрдүн айланасындагы окуялар

Кумтөрдүн айланасындагы чуу жана Centerra Gold Inc. компаниясы менен кыргыз өкмөтүнүн ортосундагы соттук териштирүүлөр уланып жатканына жарым жылдан ашты.

17-майда депутаттар «Кумтөр Голд Компаниге» сырткы башкаруу киргизип, ал жакта Centerra’нын директорлор кеңешинин экс-мүчөсү Теңгиз Бөлтүрүктү башчы кылып дайындаган.

Кыргыз бийлиги канадалык компанияга коюп жаткан эң башкы доо — экологиялык зыян. Алсак, үстүбүздөгү жылдын май айынын башында Бишкектин Октябрь райондук соту «Кумтөр Голд» ишканасынан мамлекеттин пайдасына 261,7 млрд сом же 3 млрд доллар өндүрүп алууну чечкен. Сот компанияны Кумтөр кенин иштетүүдө Лысый жана Давыдов мөңгүсүнө калдыктарды төгүүгө күнөөлүү деп тапкан.

Ал эми 12-майда Кумтөрдүн ишмердүүлүгүн текшерген мамлекеттик комиссия ишинин алдын ала жыйынтыгын чыгарып, алтын казуучу компаниядан, буга чейин сот талап кылган каражаттарды эске алуу менен 459 млрд сом (4 млрд 252 млн доллар) өндүрүп алууну сунуштаган.

Centerra Gold Inc. кыргыз бийлигинин аракеттерине жооп кылып, Кыргызстандын өкмөтүнө каршы арбитраждык милдеттүү териштирүү демилгелеген. Centerra бул иш-аракеттер Кумтөр боюнча инвестициялык макулдашууларды бузуп жатат деп эсептейт.

Кыргыз бийлиги акыркы бир нече айда «Кумтөр» мындан ары Кыргызстанга тийиштүү жана Centerra өзү да бул фактыны мойнуна алды деп бир канча жолу айтып чыкты. Ал эми Канаданын компаниясы бул билдирүүлөрдү четке кагып келет.