Кумтөр: Кыргызстан менен «Центерранын» ортосунда сүйлөшүүлөрдүн экинчи раунду башталды

23-декабрда кыргыз тарап менен канадалык Centerra Gold Inc. компаниясынын ортосунда сүйлөшүүлөрдүн экинчи раунду башталды. Бул тууралуу майдын ортосунан бери кыргыз бийлигинин сырткы башкаруусунда турган «Кумтөр Голд Компанинин» басма сөз кызматы маалымадады.

Жолугушуу жабык видеоконференциялык байланыш форматында өттү. Компаниядан билдиришкендей, сүйлөшүүгө кыргыз тараптан минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров, юстиция министри Аяз Баетов, «Кумтөр» ишканасынын сырттан башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк жана «башка кызыктар тараптар» катышты. Centerra’нын атынан президенти жана башкы аткаруучу директору Скотт Перри катышты.

Акылбек Жапаров, Скотт Перри жана Тенгиз Бөлтүрүк. Сүрөт: КГКнин басма сөз кызматы

«Тараптар кендин айланасында түзүлгөн кырдаал боюнча пикир алмашып, соттук териштирүүгө байланышкан маселелерди талкуулашты. Бүгүнкү сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен катышуучулар талкууну 24-декабрда улантууну чечишти», — деп билдиришти «Кумтөрдөн».

22-декабрда парламенттин отурумунда минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров 23-декабрда Centerra менен сүйлөшүүлөрдүн акыркы раунду болорун айткан. Ага чейин чиновник канадалык компаниянын мененджменти менен сүйлөшүүлөрдү Жаңы-жылга чейин жыйынтыктоо пландалып жатканын айткан.

«Эч болбоду дегенде ушундай буйрук алдым. Кыргыз жарандары мындай ири долбоорлорду өзү ишке ашыра ала турганын далилдейбиз», — деп белгилен ал 15-декабрда.

Centerra менен сүйлөшүүлөр

Үстүбүздөгү жылдын сентябрынын аягында минкабдын башчысы Акылбек Жапаров жана УКМКнын башчысы Камсыбек Ташиев баштаган кыргыз делегациясы Женевада Centerra’нын аткаруучу директору Скотт Перри менен жолугушкан. Бул, кыргыз бийлигинин айтымында, Перринин демилгеси менен болгон сүйлөшүүлөрдүн биринчи раунду болгон.

«Кумтөрдү бүгүнкү күнгө чейин өзүбүз иштетип келдик. Мындан ары дагы өзүбүз иштетебиз. “Центерра” менен сүйлөшүүлөр болду. Алар дагы, биз дагы сүйлөшүү жөнүндө маалыматты ачыкка чыгарбайбыз деп кол коюп бергенбиз. Сүйлөшүүлөр уланышы мүмкүн», — деп билдирген Жапаров 12-октябрда.

Анткен менен кыргыз бийлиги акыркы айларда Кумтөр Кыргызстанга өткөнүн жана Centerra Gold кенден баш тартканын бир канча жолу айткан. Ал эми Centerra Gold Inc. бул маалыматты четке каккан.

Кумтөр 7 айдан бери кыргыз бийлигинин көзөмөлүндө —17-майда депутаттар «Кумтөр Голд Компаниге» сырткы башкаруу киргизип, ал жакта Centerra’нын директорлор кеңешинин экс-мүчөсү Теңгиз Бөлтүрүктү башчы кылып дайындаган.

Centerra Gold Inc. кыргыз бийлигинин аракеттерине жооп кылып, кыргыз өкмөтү буга чейинки милдеттенмелерин бузуп, «кенди зордук менен басып алды» деп Бөлтүрүктү сотко беришкен.

Кыргыз бийлиги канадалык компанияга коюп жаткан эң башкы доо — кологиялык зыян. Алсак, үстүбүздөгү жылдын май айынын башында Бишкектин Октябрь райондук соту «Кумтөр Голд» ишканасынан мамлекеттин пайдасына 261,7 млрд сом же 3 млрд доллар өндүрүп алууну чечкен. Сот компанияны Кумтөр кенин иштетүүдө Лысый жана Давыдов мөңгүсүнө калдыктарды төгүүгө күнөөлүү деп тапкан.

Ал эми 12-майда Кумтөрдүн ишмердүүлүгүн текшерген мамлекеттик комиссия ишинин алдын ала жыйынтыгын чыгарып, алтын казуучу компаниядан, буга чейин сот талап кылган каражаттарды эске алуу менен 459 млрд сом (4 млрд 252 млн доллар) өндүрүп алууну сунуштаган.

​​Centerra Gold Inc. кыргыз бийлигинин аракеттерине жооп кылып, Кыргызстандын өкмөтүнө каршы арбитраждык милдеттүү териштирүү демилгелеген. Компаниядагылар бийликтин аракети тараптардын ортосундагы келишимдерди бузат деп эсептешет жана алар укуктарын коргоону көздөшөт.

Кыргыз тарап менен Centerra нын ортосунда дагы бир нече соттук териштирүүлөр жүрүп жатат.

Тема боюнча: ЖМК: Кыргызстан Centerra’ны кенде киберкоопсуздукту бузганы үчүн сотко берди