Казакстан: Митинг учурунда миңден ашык адам жабыркап, 400 киши ооруканага түштү

Казакстандагы нааразычылык акциясы. Сүрөт: orda.kz

Казакстандагы митингдин кесепетинен миңден ашык адам жабыркады. Алардын ичинен 400 киши ооруканага жеткирилсе, 62 адам жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бул тууралуу vlast.kz басылмасы Казакстандын мамлекеттик Хабар.24 телеканалына таянып жазып чыкты.

Ал арада соцтармактарда «Алматы шаарындагы моргдон тартылган» деген видео тарады. Анда нааразычылык акциясы учурунда «ондогон киши каза тапканы» айтылат.

Видеонун автору каза тапкан кишилердин беттерин ачып көрсөтүп, алардын арасында жаш жигиттер бар экенин белгилеген. Автордун айтымында, демонстранттар көкүрөк тушуна жана баш сөөгүнө ок жеп каза табышкан. Болжол менен тасмада он бештей кишинин сөөгү жатканын көрүүгө болот.

Бирок, казак бийлиги полиция менен демонстранттардын кагылышуусунан өлкө боюнча жалпы канча адам каза тапканы боюнча маалымат бере элек.

Буга чейин, Казакстандын Ички иштер министрлиги митинг учурунда сегиз полиция кызматкери жана улуттук гвардиянын аскери каза болгонун билдирген. 317ден ашуун күч орган кызматкери түрдүү жаракат алганы да кабарланган.

Ал эми 5-январда Казакстандын Алматы шаарынын коменданты Канат Таймерденов калаадагы башаламандыктарда 500дөн ашуун жарандарга кол салуу болгонун маалымдаган. Таймерденов жабыркагандардын 130у аялдар жана улгайган кишилер экенин белгилеген.

«Алардын мыйзамсыз аракеттеринен улам 120дан ашуун унаа — анын ичинде полициянын 33 унаасы, тез жардам бригадалардын жана өрт өчүрүүчү кызматынын унаалары өрттөндү. Бизнес да жабыркады: 120 дүкөн жана соода объектилер, 180 тамактануучу жай жана жеке ишкерлердин 100дөй офиси талкаланды», — деген Таймерденов.

Казакстандагы нааразычылык акция

Казакстандын бир катар шаарларында нааразылык акциялары өтүп жатканына төрт күн болду. Митингдер алгач суюлтулган газдын баасы кымбаттаганына байланыштуу Мангыстау облусунун Жаңы-Өзөн шаарында башталган.

Андан соң, бир нече күн ичинде башка шаарлардын дагы жашоочулары митингге кошула баштаган. Шаарларда демонстранттардын негизги агымы 4-январда чыга баштаган.

Нааразы тарап газдын баасын төмөндөтүүдөн сырткары өкмөттүн отставкасын да талап кылган. Ошондой эле Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевди кол тийбестиктен ажыратуу талабы да айтылган. Митингчилер арасында «Чал, кет!» деген лозунг байма-бай кайталанып жатат.

Натыйжада, нааразылык акцияларынын шартында Казакстандын өкмөтү отставкага кеткен. Тиешелүү чечимди президент Касым-Жомарт Токаев кабыл алган.