Казакстанда митинг учурунда сегиз полиция кызматкери, улуттук гвардиянын аскери каза болду

Казакстандын полиция кызматкерлери митинг учурунда. Сүрөт: Рейтер агенствосу.

Казакстандагы митинг учурунда сегиз полиция кызматкери жана улуттук гвардиянын аскери каза болду. 317ден ашуун күч орган кызматкери түрдүү жаракат алды. Бул тууралуу orda.kz басылмасы Казакстандын Ички иштер министрлигине таянып жазды.

Буга чейин, Казакстандын Алматы шаарынын коменданты Канат Таймерденов калаадагы башаламандыктарда 500дөн ашуун жарандарга кол салуу болгонун маалымдаган. Таймерденов жабыркагандардын 130у аялдар жана улгайган кишилер экенин белгилеген.

«Алардын мыйзамсыз аракеттеринен улам 120дан ашуун унаа — анын ичинде полициянын 33 унаасы, тез жардам бригадалардын жана өрт өчүрүүчү кызматынын унаалары өрттөндү. Бизнес да жабыркады: 120 дүкөн жана соода объектилер, 180 тамактануучу жай жана жеке ишкерлердин 100дөй офиси талкаланды», — деген Таймерденов.

Казакстандын бийлиги митинг учурунда өлкө боюнча канча адам жабыркаганы боюнча так маалымат бере элек. Ушул тапта Казакстандын бүткүл аймагында өзгөчө абал режими жарыяланды. Ал эми өлкө башчысы Касым-Жомарт Токаев ЖККУга жардам сурап кайрылды.

Казакстандагы митинг

Алматы шаарынын акимчилиги. Сүрөт: sputnik.kz

Казакстандын бир катар шаарларында нааразылык акциялары өтүп жатканына төрт күн болду. Митингдер алгач суюлтулган газдын баасы кымбаттаганына байланыштуу Мангыстау облусунун Жаңы-Өзөн шаарында башталган.

Андан соң, бир нече күн ичинде башка шаарлардын дагы жашоочулары митингге кошула баштаган. Шаарларда демонстранттардын негизги агымы 4-январда чыга баштаган.

Нааразы тарап газдын баасын төмөндөтүүдөн сырткары өкмөттүн отставкасын да талап кылган. Ошондой эле Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевди кол тийбестиктен ажыратуу талабы да айтылган. Митингчилер арасында «Чал, кет!» деген лозунг байма-бай кайталанып жатат.

Натыйжада, нааразылык акцияларынын шартында Казакстандын өкмөтү отставкага кеткен. Тиешелүү чечимди президент Касым-Жомарт Токаев кабыл алган.

Мурда Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев башкарган Коопсуздук кеңешин Токаев өзү жетектей турганын айткан. Ошондой эле, Токаев митингчилерге карата «катуу чара көрөрүн» билдирген.

Тема боюнча дагы окуңуз:

Алматы: 500дөн ашуу жаран сабалды, 120дай унаа өрттөлдү

Бүткүл Казакстандын аймагында ӨА режими жарыяланды