Соцтармактарда «Алматы шаарынын моргунда тартылды» деген тасма тарады, казак бийлиги үн ката элек

Казакстанда Интернет иштей баштаган соң соцтармактарда «Алматы шаарындагы моргдон тартылган» деген видео тарады. Анда митингдер учурунда «ондогон киши каза тапканы» маалымдалат.

Видеонун автору каза тапкан кишилердин беттерин ачып көрсөтүп, алардын арасында жаш жигиттер бар экенин белгилеген. Автордун айтымында, демонстранттар көкүрөк тушуна жана баш сөөгүнө ок жеп каза табышкан. Болжол менен тасмада он бештей кишинин сөөгү жатканын көрүүгө болот.

Ошондой эле дагы бир тасмада мүшөктөргө оролгон он беш чакты кишинин сөөгү өлүккананын коридорунда жатканын көрүүгө болот. Тасмада сөөктөргө медиктер кароо жүргүзүп жатканы да тартылган.

Эскертүү! Видеодо каза тапкан кишилердин сөөгү тартылган кадрлар бар. Тасмаларды көрүү үчүн шилтемеге кириңиз.

Буга чейин Казакстандын ИИМи митинг учурунда сегиз полиция кызматкери жана улуттук гвардиянын аскери каза болгонун билдирген. 317ден ашуун күч орган кызматкери түрдүү жаракат алганы айтылган.

Ошол эле учурда коңшу өлкөнүн бийлиги полиция менен демонстранттардын кагылышуусунан өлкө боюнча канча адам каза тапканы боюнча маалымат бере элек.

Ал эми Алматы шаарынын коменданты Канат Таймерденов калаадагы башаламандыктарда 500дөн ашуун жарандарга кол салуу болгонун маалымдаган. Таймерденов жабыркагандардын 130у аялдар жана улгайган кишилер экенин белгилеген.

Азыркы тапта Казакстандын бүткүл аймагында өзгөчө абал режими жарыяланган. Ал эми өлкө башчысы Касым-Жомарт Токаев ЖККУга жардам сурап кайрылды.

ТЕМА БОЮНЧА:

Казакстанда митинг учурунда сегиз полиция кызматкери, улуттук гвардиянын аскери каза болду

Видео: Касым-Жомарт Токаев ЖККУга мүчө өлкөлөрдөн жардам сурады