Жогорку Кеңештин депутаттары 7-январда ЖККУнун Казакстанга тынчтык орнотуучу күчтөрдү жиберүү чечимин колдоп берди. Жыйынга катышкан 69 депутаттын ичинен жети эл өкүлү «каршы», калгандары «макул» деп добуш беришти.
Депутат Дастан Бекешевдин айтымында, сунуш экинчи жолку добуш берүүдө гана өттү. Анткени биринчисинде жетиштүү добуш топтой алган жок.
Жыйында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Казакстанга 150 кыргыз аскери, 8 бронетехника жана 11 машине жөнөтүлөрүн билдирди. Ташиев аскерлер мамлекеттик стратегиялык объектилерди коргоо үчүн баратканын айтты. Бирок так кайсы имараттарды коргоого алышарын ачыктаган жок.
Ошол эле учурда атайын кызматтын башчысы кыргыз аскерлери митингге чыккан жарандарга карата ок атпай турганын кошумчалады.
Аталган маселе парламентте талкууланып жатканда бир катар депутаттар Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин нааразылыкты «эл аралык террордук топ уюштурду» деп айткандарына далилдер барбы деген суроо узатышты.
Буга УКМКнын башчысы Казакстанда мамлекеттик имараттардын өрттөлүп жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери каза таап жатканы «террористтик аракеттерге жатат» деди.
«Биз жалпы казак эли террорист деп эсептебейбиз. Боордош казак элибиз кыргыздар менен кылымдардан бери жанаша жашаган эл. Бирок ошолордун арасында деструктивдүү күчтөр кайсыл бир террордук аракеттерди кылгандыгы маалым. Ошондуктан ондогон мамлекеттик мекемелер өрттөлдү, ондогон укук коргоо органдарынын кызматкерлери каза болду. Мунун баары террористтик аракеттерге жатат. Мунун баарын бир ууч топ жасады», — деп түшүндүрдү Ташиев.
Анткен менен депутат Нуржигит Кадырбеков ЖККУнун чечими Кыргызстандын Конституциясына карама каршы келерин билдирди.
«Мен түшүнөм Кыргызтандын ЖККУнун алдында милдеттемелери бар. Бирок Конституцияда кайсы бир өлкөнүн ички саясий тирешин чечүүдө куралдуу күчтөрдү колдонууга тыюу салынат деп жазылуу», — деди Кадырбеков.
Анын айткандарына юстиция министри Аяз Баетов жооп кайтарды. Ал «Конституция жогорку күчкө ээ экенин белгилеп, аскерлерди жеберүү же жибербөөнү парламентарийлер силер чечесиңер» деди.
Көп өтпөй УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев менен министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров аталган маселени жабык эшик артында кароону сунуш кылышты. Депутаттар сунушту колдоп берип, добуш берүү жабык өттү.
Казакстандагы митинг жана ЖККУнун чечими
Жогорку Кеңеш Казакстандагы кырдаал боюнча 6-январда чукул жыйынга чогулмак. Анда парламент ЖККУнун Казакстанга «тынчтыкты орнотуучу күчтөрдү» жиберүү чечимин талкуулап, Кыргызстан аскерлерин жөнөтөбү же жокпу чечиши керек болчу.
Бирок бир саат ичинде каттоодон болгону 39 депутат өтүп, кворум чогулбай калган. Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов муну кышкы каникулга байланыштуу депутаттар региондордо жүргөнү менен түшүндүргөн.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөдө нааразычылык акциялары токтобой жаткандыктан 6-январга караган түнү Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна кайрылып, «террордук коркунучту жеңүүгө» жардам сураган.
Ал бул кайрылуусун өлкөдө интернет пайда боло баштагандан кийин гана жасаган — бийлик 5-январда интернетти дээрлик 7 саатка жакын өчүрүп салган жана бул убакыт аралыгында өлкөдө эмне болуп жатканы белгисиз болгон.
Токаев суюлтулган газдын баасын түшүрүүнү жана Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин кол тийбестигин алып салууну талап кылгандарды «террорчулар» деп атаган. Ошондой эле, Токаев митингчилерге карата «катуу чара көрөрүн» билдирген.
6-январдан тартрып казак бийлиги митингдин уюштуруучуларын «ликвидациялоо» деп аталган «тазалоо» иштерин баштаган. Алматы полициясы ондогон адамдар каза болгонун билдирип, аны «антитеррордук операция» деп атаган.
Бирок ошол эле маалда, казак бийлиги набыт болгон демонстранттардын так санын айта элек. Бийлик бир гана каза тапкан полиция кызматкерлеринин так санын айтып жатат — азыркы тапта 18 укук коргоо кызматкери көз жумганы белгилүү.
ЖККУнун «тынчтык орнотуучу күчтөрдү жөнөтүү» кампаниясына азырынча үч мамлекет макулдугун берди — Армения (70 аскер), Тажикстан (200 аскер), Орусия (3000 аскер).