Казакстанда бир күндө жогорку кызматты аркалаган үч офицер каза тапты

10-январда Казакстанда бир күндө жогорку кызматтарды аркалаган дароо үч офицер каза тапты: Түрксиб райондук полиция башкармалыгынын башчысынын орун басары Танат Назанов, Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин полковниги Азамат Ибраев жана Жамбыл облустук Полиция департаментинин башчысы Жанат Сулейменов.

Orda.kz басылмасынын кабарчысы Жамбыл облустук Полиция департаментинин башчысы, генерал Жанат Сулейменов өз жанын кыйганын билдирген. Облустук полиция башчысынын өлүмүн ИИМ дагы жалпыга маалымдоо каражаттарына ырастады.

Ал эми журналист Михаил Козачков Телеграм каналына башаламандыктан кийин Сулейменовго кылмыш иши козголуп, трибунал менен коркутууга дуушар болгонун жазган.

Улуттук коопсуздук комитеттин полковниги Азамат Ибраевдин сөөгү Нур-Султандагы үйүнүн короосунан табылган. Бул тууралуу Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети кабарлады. Ведомстводон белгилешкендей, сотко чейинки өндүрүш башталды.

Казакстандагы бир катар ЖМКларда офицер өз жанын кыйганы боюнча бир катар версиялар айтылууда. Белгиленгендей, ал көп кабаттуу үйдүн терезесинен боюн таштаган.

Түрксиб райондук Полиция башкармалыгынын башчысынын орун басары Танат Назаров саат 11:00дө инфарктан улам жумуш ордунда каза тапкан. Бул тууралуу Orda.kz Алматы Полиция департаментине таянып билдирди.

Казакстандагы митингдер

Коңшулаш Казакстанда суюлтулган газдын баасынын кескин көтөрүлүп кеткендигинен улам 2022-жылдын 2-январында Мангыстау облусунда митингдер башталган.

Нааразы тарап газдын баасын төмөндөтүүдөн сырткары өкмөттүн отставкасын да талап кылган. Ошондой эле Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевди кол тийбестиктен ажыратуу талабы да айтылган. Митингчилер арасында «Чал, кет!» деген лозунг байма-бай кайталанып жатат.

Натыйжада, нааразылык акцияларынын шартында Казакстандын өкмөтү отставкага кеткен. Тиешелүү чечимди президент Касым-Жомарт Токаев кабыл алган.

Ошол эле маалда Казакстандын өлкө башчысы 6-январга караган түнү Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна кайрылып, «террордук коркунучту жеңүүгө» жардам сураган. Ал бул кайрылуусун өлкөдө интернет пайда боло баштагандан кийин гана жасаган — бийлик 5-январда интернетти дээрлик 7 саатка жакын өчүрүп салган жана бул убакыт аралыгында өлкөдө эмне болуп жатканы белгисиз болгон.

Токаев ЖККУга кайрылып жатып, суюлтулган газдын баасын түшүрүүнү жана Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин кол тийбестигин алып салууну талап кылгандарды «террорчулар» деп атаган. Ошондой эле, Токаев митингчилерге карата «катуу чара көрөрүн» билдирген.

Белгилүү болгондой, ЖККУнун «тынчтык орнотуучу күчтөрдү жөнөтүү» кампаниясынын алкагында — Армения (100дөн 300гө чейин), Орусия – 1400, Беларус — 300, Кыргызстан — 150 жана Тажикстан — 100дөн 200гө чейин аскерин жөнөтүү чечимин кабыл алган.

6-январдан тартып казак бийлиги митингдин уюштуруучуларын «ликвидациялоо» деп аталган «тазалоо» иштерин баштаган. Алматы полициясы ондогон адамдар каза болгонун билдирип, аны «антитеррордук операция» деп атаган.

Бирок ошол эле маалда, казак бийлиги набыт болгон демонстранттардын так санын айта элек. Бийлик бир гана каза тапкан полиция кызматкерлеринин так санын айтып жатат.

7-январда Казакстандын президенти күч түзүмдөрүнө жана армияга «кылмышкерлерге жана террористтерге эскертүүсүз ок атууга» буйрук берген. Токаев «бандиттерди» жана «террористтерди» жок кылуу керектигин жана бул жакынкы аралыкта жасалат деп билдирген.