Алымкадыр Бейшеналиев медиктердин айлыгын 1000 долларга чейин көтөрүүнү убада кылууда

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев «Новые лица» басылмасынын башкы редактору Лейла Саралаевага курган маегинде медиктердин айлыгын миң долларга чейин жогорулата турганын айтты.

Министрдин айтымында, бул кызматка дайындалгандан кийин 10-15 жылдан бери көтөрүлбөй келген медиктердин айлыгын 100%га жогорулаткан. Ал белгилегендей, медиктердин маянасы башка өлкөлөргө салыштырмалуу дагы жогорулайт, ал эми медиктер өлкөдөн кетпей эле кайтып келе башташат.

«Медиктердин айлыгын 1-апрелде дагы 100%га көтөрөбүз. Садыр Жапаров менен макулдаштык, эгер министрликтен кетпесем, анда медиктердин маянасын миң долларга чейин жогорулатабыз», — деди Алымкадыр Бейшеналиев.

Садыр Жапаров эмне деген?

2021-жылдын 19-декабрында президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасына барган. Анда 2022-жылы бюджет кызматкерлеринин, анын ичинде врачтардын маянасын жогорулатууну пландап жатканын билдирген.

Президент 2022-жылы бюджеттик тармакта иштегендердин, анын ичинде дарыгерлердин айлыгын көтөрүү пландалып жатканын белгилеген.

Садыр Жапаров мамлекеттик ипотеканы жеңилдетилген шарттар менен берүү дагы каралып жатканын белгилеген.

Президент коронавирус менен күрөшүп жаткан дарыгерлерге ыраазычылык билдирип, пандемия медицинанын бүгүнкү абалын көрсөттү деп айткан.

«Ошондуктан, колубуздан келишинче ооруканалардын жаңы имараттарын, айылдарда ФАПтарды куруп жатабыз. Албетте, бардыгын бир заматта жасап салгың келет. Бирок, бүгүнкү күндө мамлекеттин андай мүмкүнчүлүгү жок. Акыркы 10 жылда биз артка кеттик. Эми гана бутубузга туруп жатабыз, өлкө бюджети профицит менен чыкты», — деген Садыр Жапаров Кыргызстанды буту жаңыдан баса баштаган балага салыштырып.

Бийлик медицина кызматкерлеринин маянасын жогорулатабыз деп көп эле айтат. Акыркы жолу 2020-жылдын 4-августтунда бул тууралуу ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков дагы айткан. Анда ал көмүскө экономиканы мыйзамдаштыруудан түшкөн каражаттарды медицина кызматкерлеринин айлыгын көтөрүүгө жумшоону сунуштаган болчу.