Бүткүл дүйнөлүк банк каржылаган ERIK долбоорунун алкагында Кыргызстанда 14 мектеп салынат жана 16 мектепке оңдоо иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу 11-январда Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады, бирок курулуш жана оңдоо иштери качан башталып, кайра качан аяктары айтылган жок.
Маалыматта ERIK долбоорунун алкагында реконструкцияланып жана курула турган 30 мектептин тизмеси өткөн жылдын 26-ноябрында ведомстволор аралык жумушчу топтуп жыйынында бекитилгени айтылат.
«Бул тизмеге өлкөнүн бардык облусттарынан мектептер киргизилген. Тандалып алынган мектептердин 14ү — авариялык мектеп, аларды сүрүп таштап, кайрадан куруп чыгуу кажет. Дээрлик бардык тандалып алынган мектептерде көптөн бери капиталдык оңдоп-түзөө жүргүзүлгөн эмес, бул мектептер сейсмикалык туруктуулук жагынан коопсуз эмес. Алардын көпчүлүгүндө ички ажатканасы жок», — деп айтылат Билим берүү министрлигинин маалыматында.
Ведомстводон тандалып алынган окуу жайларда «сейсмокоопсуздук жана энергоэффективдүүлүк талаптарын эске алуу менен» капиталдык реконструкциялоо жакшыртылат деп ишендиришти.
«[Тандалып алынган мектептерде] суу менен жабдуу системасы, санитардык абалы, анын ичинде ички ажаатканасы, жакшыртылат», — деп айтылат маалыматта.
Билим берүү министрлигинин маалыматында, бүгүнкү күнү Кыргызстандагы сейсмокоопту аймактарда жайгашкан 10 мектептин курулушун жана калыбына келтирүү боюнча долбоордун документтерин даярдоо иштери жүрүп жатат.
«ERIK долбоорунун компоненттеринин бири мектептердин имараттарынын туруктуулугун жогорулатуу жолу менен балдар үчүн коопсуз жана жакшы чөйрөнү камсыздоого багытталган. Биздин долбоор өзгөчө кырдаалдардын алдында аялуу болгон 10 мектепте иш жүргүзүп жатат. Биз экинчи этапта дагы 30 мектепти реконструкциялоону пландап жатабыз. Биз бул долбоорго салынган каражаттар өтө көп мектеп окуучуларынын коопсуз билим алышына өбөлгө түзүшүнө умтулабыз», — деди ӨКМдин алдындагы долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн директору Жылдыз Токторбаева.
ERIK долбоору
«Кыргызстандагы табигый кырсыктарга туруктуулуктуу жогорулатуу» (ERIK) — бул Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган долбоор. Ал кыргыз өкмөтүнө коопсуз билим берүү чөйрөсүн түзүүгө көмөктөшөт.
Билим берүү министрлиги 30 мектептин курулушуна жана оңдоо иштерине канча каражат бөлүү пландалып жатканын так айткан жок. Бирок 2020-жылдын июнь айында Дүйнөлүк банктын директорлор кеңеши «Кыргызстандагы табигый кырсыктарга туруктуулукту жогорулатуу» долбооруна 55 млн доллар өлчөмүндө кошумча каржылоону бекиткен. Долбоор алгач 20 млн доллар өлчөмүндө бекитилген болчу.
Анда 55 млн доллардын жарымы — 27,5 млн доллар — грант экени белгиленген. Ал эми экинчи жарымы 0,75% үстөк менен 38 жылдык мөөнөттүк насыя. Анын алты жылына төлөө мөнөтүн узартуу менен жеңилдик каралаган.
Ал учурда каражаттын 39,1 млн доллары баштапкы долбоордо тандалган 10 мектепке кошумча 30 мектепти модернизациялоого жумшала турганы белгиленген.
Буга чейин Бишкек мэриясы президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен бюджеттин эсебинен борбор калаада 15 мектеп салына турганын кабарлаган.
Кыргызстандагы мектептер
Кыргызстанда мектеп жетишсиздиги көйгөйү курч турат. Өлкө боюнча 204 мектеп же ар бир онунчу мектеп авариялык абалда. Мындай мектептерде балдар күн сайын өз өмүрлөрүн тобокелге салып окуп жатышат.
2011-жылы Билим берүү жана илим министрлиги ЮНИСЕФ менен бирге мектептерди жалпы улуттук баалоодон өткөрүп, Кыргызстанда мектептердин 80%дан ашыгы коопсуз эмес деген жыйынтыкка келген.
Арадан он жыл өткөн соң журналисттер иликтөө жасашкан жана бул аралыкта эч нерсе өзгөрбөгөнүнө күбө болушкан. Алар өлкөдөгү 2 миң мектептин 200ү авариялык абалда, дагы 400ү капиталдык оңдоого муктаж экенин, калгандарынын басымдуу бөлүгүндө таза суусу, борбордук жылытуу жайы жана дааратканасы жок иштеп жатканын аныкташкан.
Авариялык мектептердин дээрлик бардыгы — 204 мектептин ичинен 192и — айыл жергесинде жайгашкан. Айыл мектептеринин көбү алгач башка муктаждыктар үчүн курулган: «жергиликтүүлөр өз күчү менен курган колхоз сарайлары», «дүкөн жана Айылдык керек-жарак коомунун конторалары», «совхоздун административдик имараты».
Авариялык мектептердин тизмесине кирген мектептердин көбү жергиликтүү тургундар тарабынан «ашар»* жолу менен салынган. Изилдөөчүлөр мамлекеттин кайдыгерлиги элди мектепти өз алдынча салууга аргасыз кыларын тастыкташкан. Ашар жолу менен салынган мектептер адатт долбоору жок, курулуш нормалары сакталбай курулат. Демек, ал мектептер көпкө турбайт.
*Ашар — ыктыярдуу жамааттык курулуш.
ТЕМА БОЮНЧА:
«Кудай сактасын деп жөнөтөбүз». Сузактын жер титирөөгө туруштук бере албаган мектеби
«Балдар мектептен уялат». Кадамжайда окуучулар авариялык мектепте билим алууга аргасыз
«Басып калбаса экен». Жумгалда окуучулар 82 жыл мурда курулган авариялык мектепте окууга аргасыз